Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:02 4.4.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 4-апрелдеги маалыматына караганда, соңку суткада Кыргызстанда илдет 172 кишиден жаңы аныкталды. Анын 124ү Бишкек шаарында.

Илдеттен төрт адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Бишкек шаарынын, бирөө Чүй облусунун тургундары болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1506 адамга жетти.

Кыргызстанда коронавирусту жалпы 89 014 адам жуктуруп алды. Анын 85 164ү сакайып чыкты. Ооруканада 625 адам бул илдет менен алышып жатат. 29 адам өтө оор абалда.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта баштады. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Ага Кытайдын SinoPharm компаниясынын вакцинасы колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

14:06 7.4.2021

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 дагы үч бейтаптын өмүрүн кыйды. Анын экөө Бишкекте, бири Чүй облусундагы ооруканада жаткан.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 7-апрелде билдиргендей, бир суткада вирус 161 кишиден жаңы аныкталды.

Акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда. Оору жугузуп алгандар негизинен Бишкек менен Чүйдө көп катталып жатат.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1512 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 89 438 кишини түздү. Анын 85 496 айыкты. Акыркы бир суткада 108 бейтап сакайып чыкканы кабарланды.

Расмий маалыматка караганда, учурда 690 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Үй шартында дарылангандар 623 киши.

18:16 9.4.2021

Дүйнөдө 8-апрелде коронавирустан өлгөндөрдүн санына карап Бразилия биринчи орунга чыкты. Өлкөдө соңку бир күндө илдеттен 4249 бейтап ажал тапты.

Бул көрсөткүч менен Бразилия 20-январда АКШда катталган суткалык рекордго жакындады. Анда Кошмо Штаттарында ошондо бул оорудан бир күндө 4405 киши көз жумган эле.

Бразилиядагы COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны 13 миллион 200 миңден ашты. Жалпысынан пандемия башталгандан бери 350 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

Өлкөдө оорукналар толуп калды, андан сырткары дары-дармек, медициналык керектүү жабдуулар таңкыстыгы жаралды.

Ошондой эле илдетке каршы вакцинанын илгерилебй жатканы абалдын курчушуна түрткү болгону белгиленди.

Дүйнө жүзүндө коронавирус болгондор 134 миллион адамга чамалап, үч миллиондой бейтаптын өмүрү кыйылды.

Ал эми Кыргызстанда 9-апрелде коронавирус 151 кишиден жаңы аныкталды.

Бир күн аралыгында илдеттен каза болгон учурлар катталган жок. Мекеменин жаңы эсеби боюнча, пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1516 кишиге жетти.

Акыркы күндөрдө өлкөдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла арбын болууда. Күн сайын расмий каттоого алынган бейтаптардын саны 100дөн ашса, 8-апрелде вирус табылгандар 200дөн ашып, сентябрдан берки эң көп учур катталды.

Статистикага ылайык, пандемия башталган бир жыл аралыгында оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 89 811 кишини түздү.

Анын 85 719у айыкты. Акыркы бир суткада 112 бейтап сакайып чыкканы кабарланды.

13:50 10.4.2021

Индияда вакцинанын таңкыстыгы орун алууда. Мумбай мегаполисинде коменданттык саат жана дем алыш күндөрү карантин жарыяланды. Өлкөдө коронавирусту жугузуп алуу көрсөткүчү жана бул илдеттин айынан күнүмдүк өлүмдөрдүн саны беш айдан берки эң жогорку чекке жеткени маалымдалды.

Калкынын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган бул өлкөдө март айынын акыркы күндөрүнөн бери бир миллиондон ашык киши коронавирусту жаңыдан жугузуп алды. Индияда күнүнө 500дөн ашуун киши өлүмү катталууда, бирок өлүм-житимдин чыныгы саны мындан да жогору деп жоромолдонуп жатат.

Борбордук өкмөт экономикалык кыйынчылыктардан чочулап, экинчи жолу жалпы карантин киргизүүдөн баш тартууда, бирок айрым штаттардын жергиликтүү бийликтери өз аймактары үчүн чектөөлөр киргизип жатышат.

Махараштра штаты жана анын борбору Мумбай 10-апрелде карантин киргизди. Мында дем алыш күндөрү ресторандар жабылып, бештен ашуун кишинин чогулушуна тыюу салынды.

Махараштра штатынын 125 миллиондуу калайыгы апрелдин аягына чейин ар бир дем алыш күндөрү карантиндик чектөөлөргө кабылат. Бул аймакта кишилер тамак-аш, дары-дармек же өтө зарыл саякат үчүн гана көчөгө чыгууга мүмкүнчүлүк алышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG