Соңку бир суткада COVID-19 инфекциясын жугузуп алган үч киши каза тапты.
Анын экөө Бишкек шаарынан болсо, бирөө Чүй облусунан.
Коронавируска каршы штабдын маалымдашынча 10-апрелде республика боюнча вирусту жугузуп алган 208 киши катталды.
Алардын басымдуусу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.
- Бишкек - 128
- Ош шаары - 1
- Чүй облусу – 66
- Ош облусу - 2
- Талас облусу - 0
- Нарын облусу - 2
- Ысык-Көл облусу – 8
- Жалал-Абад облусу – 0
- Баткен облусу - 1
Ушуну менен COVID-19 U07.1 жана U07.2 вирусу катталган өткөн жылдын март айынан бери аны жугузуп алгандардын саны 90 019 кишиге жетти.
Штаб акыркы суткада 105 киши айыкканын маалымдады. Ал эми 833 адам ооруканада жатат. Бейтаптардын ичинен 27 адамдын абалы өтө оор. 193 адам оор абалда жатат.
587 адамдын абалы орто оордукта, 26 бейтап канааттандырарлык абалда.
13-апрелде башталуучу ыйык Рамазан айынын босогосунда бир катар мусулман мамлекеттеринде коронавирус илдети тездик менен жайылгандыгы санааркоо жаратууда.
Пакистан бийликтери жугуштуу илдеттин жайылышын токтотуу үчүн 10-апрелден баштап шаарлар аралык унаа каттамдарын чектеп жаткандыгын билдирди.
10-апрелде Иран 257 шаарда 10 күндүк чектөөлөрдү киргизгендигин жарыялады. Бул шаарларда бардык парктар, ресторандар, сулуулук салондору, соода борборлору жана китеп дүкөндөрү жабылды.
Түркия акыркы 10 күндүн ичинде “COVID-19” илдети жуккан рекорддук көрсөткүчкө кабылды. Жугуштуу оорунун кескин жайылышы Түркияны жаңы чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур кылды. Өлкөдө, мисалы, дем алыш күндөрү карантин киргизилет жана рамазан айында кафе-ресторандар жабык болот.
Индонезиянын борбору Жакартада орозо айында коронавируска каршы этият болуу шарттарын сактоо менен кечки ооз ачуу учурунда иштеген ресторандар саат 21:00де жабылууга тийиш.
6-апрелде Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ираж Харирчи мырза “COVID-19” илдетине каршы ирандык илимпоздор тарабынан иштелип жаткан тогуз вакцина долбоорунун ичинен бир долбоору жакынкы 40 күндүн ичинде калайыкты эмдөө үчүн даяр болот, деп алдын ала шардана кылды.
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы төрт киши каза болду.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, алардын үчөө Бишкекте, бирөө Чүй облусундагы ооруканада жаткан.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1532ге жетти.
12-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 227 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында (141), андан кийин Чүй облусунда (64), Ысык-Көл облусунда (9), Ош шаарында (6), Ош облусунда (2), Баткенде (2), Талас, Нарын, Жалал-Абад облустарында бирден учур катталды.
Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 90 599, айыккандар 86 152 кишини түздү. Бир күн аралыгында 124 бейтап айыкты.
Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирус жугузуп алып ооруканада жана үй шартында (амбулатордук) дарыланып жаткандардын саны кескин көбөйдү.
COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 13-апрелдеги маалыматына караганда, учурда 932 бейтап стационарларда оору менен алышып жатат.
Алардын 20сынын абалы канааттандыраарлык. 666 кишинин акыбалы орто оор, 213 бейтап оор, 33ү өтө оор деп бааланган.
13-апрелге карата республика боюнча вирустан төрт бейтап көз жумду. Илдет дагы 227 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.
Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1532ге жетти.
Расмий эсепке ылайык, вирусту 90 599 киши жугузуп, 86 152си айыкты.