Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн бир суткада Казакстанда коррнавирус дагы 2016 адамга жукту, ал эми 10 кишиден COVID-19дун айынан өпкөсү кагынган учур катталды.
Ошентип, 13-апрелге карата коронавирус инфекциясы лабораториялык жактан тастыкталгандардын саны 273 825 адамды түздү.
Бул илдеттен жалпысынынан 3260 бейтап көз жумду.
Ушул тушта ооруканаларда 35 миңден ашык адам дарыланып жатат. Алардын арасынан 34 703 кишинин анализи ПЧР тест аркылуу тастыкталган. Бейтаптарды 586си оор, ал эми 175и өтө оор абалда. Ооруга чалдыккандардын 112си өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка (ИВЛ) кошулган.
Индия коронавируска каршы Орусия өндүргөн “Sputnik V” вакцинасын колдонууга уруксат берди. Бул өлкөдөгү "Dr Reddy's Laboratories" фармацевтикалык компаниясы Индиянын дары-дармектерди тескеген органынын уруксатын алганын жарыялады.
12-апрелде "The Times of India" басылмасы Индиянын дары-дармектерди тескеген органына караштуу эксперттик комитет орус препаратын колдонууга сунуштаганын жазып чыккан эле. Муну “Sputnik V" вакцинасын сыртка экспорттоого жооптуу болгон Орусиянын Түз инвестициялар фонду да ырастаган.
“Орус вакцинасын колдонууга уруксат берген 60 өлкөнүн ичинен Индия калкы эң көп мамлекет болуп калат. Бул өлкөлөрдөгү адамдардын жалпы саны үч миллиардга жетип, планета калкынын 40 пайызын түзөт”,-деп айтылат Түз инвестициялар фондунун билдирүүсүндө.
Калкы 1,3 миллиард болгон Индияда пандемиянын экинчи толкуну учурунда СOVID-19 вирусуна каршы вакцина жетишпей жатат.
“Sputnik V” Индияда колдонууга уруксат берилген үчүнчү вакцина болуп калмакчы. Буга чейин "AstraZeneca" жана "Bharat Biotech" компаниясы өндүргөн "Covaxin" вакцинасы менен эмдөө жүргүзүп жатат.
Орусия Түз инвестициялар фонду индиялык беш фармацевтикалык компания менен келишим түзгөнүн кошумчалады. Алар жылына 850 миллион доза вакцина өндүрө алышат. Индия дүйнөдөгү эң көп дары-дармек өндүргөн өлкөлөрдүн бири болуп саналат.
Ал арада Кытайдын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун башчысы Гао Фу коронавируска каршы кытай вакциналарынын натыйжасы төмөн болуп жатканын моюнуна алды. Ал бийлик эффективдүүлүктү арттыруу үчүн аларды айкалыштыруу ыктымалдыгын карап жатканын айтты.
Гао Фу Кытай бийлиги «ар түрдүү техникалык линиядагы вакциналарды» колдонуу мүмкүндүгүн талкуулап жатканын белгиледи.
Бул кытай аткаминери тарабынан жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцина COVID-19 вирусунан жетиштүү деңгээлде коргобой жатканын моюнуна алган биринчи учур.
Ал арада Бээжин чет өлкөлөргө, анын ичинде Мексика, Түркия, Индонезия, Венгрия, Сербия, Бразилия жана Чилиге 1 млн. доза вакцина жеткирүү боюнча келишим түзгөн.
Кытайда вакцинанын эки компонентин 35 миллиондой, бир дозасын 65 млн. киши алган.
Бразилияда жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, "Sinovac" вакцинасы вирустан 50,4 пайыз гана коргойт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы вакцинанын натыйжалуулугу 50 пайыздан кем болбошу керек деп эсептейт. Маселен, "Moderna" менен "Pfizer-BioNTech" вакциналары вирустан болжол менен 95 пайыз коргоого кудуреттүү.
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы эки киши каза болду.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, алардын экөө тең Бишкектеги ооруканада жаткан.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1534кө жетти.
14-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 240 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында (133), андан кийин Чүй облусунда (85), Ысык-Көл облусунда (10), Ош облусунда (5), Талас облусунда (4), Баткенде (2), Нарында бир учур аныкталды.
Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 90 839, айыккандар 86 313 кишини түздү. Бир күн аралыгында 161 бейтап айыкты.
Ушу тапта стационарларда оору менен алышып жаткан 968 бейтаптын 25инин абалы канааттандыраарлык, 675и орто оор, 228и оор, 40 киши өтө оор абалда. Үй шартында (амбулатордук) дарылангандар 1058ге жетти.
Кыргызстанга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынын алгачкы 30 миң дозасы жакын арада келмей болгонун саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге таянып 14-апрелде Kaktus.media агенттиги жазды.
Министрдин айтымында, Орусиянын “Спутник V” вакцинасынын 1 миллион дозасына арыз берилген, анын 30 миңи жактырылды. 30 миң вакцина 15 миң адамды эмдөөгө жетет.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын SinoPharm вакцинасы менен башталган. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлүүдө. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.
Кыргызстанда коронавирус 90 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду.