Кыргызстанда азыр коронавирус боюнча абал оңой эмес. Бул тууралуу бүгүн 14-апрелде биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Бишкекте ыктыярчы уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты:
“Абал оңой эмес, бирок көзөмөлдө. Күч жана каражат азырынча толук жетиштүү. Силердин жардамга муктаждык жаралбайт деп ишенгим келет”, - деди Новиков.
Ыктыярчылар менен жолугушуу Бишкек мэриясында вице-мэр Айжан Чыныбаеванын катышуусу менен өттү.
Чыныбаева ыктыярчылар медицина кызматкерлери, автомашинасы менен жардам берчүлөр, тамак жагынан колдоо көрсөтө тургандар жана “кызыл зонада” иштей турган деген төрт топко бөлүштүрүлүп, зарылчылык болсо иш ошого жараша жүргүзүлөрүн айтты.
Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жугузуп алгандардын жана каза болгондордун саны көбөйүүдө. Алардын көбү Бишкекте жана Чүйдө. Расмий маалыматка караганда, оору жуккандар өлкөдө 90 миңден, каза тапкандар 1,5 миңден ашты.
Коронавирустун биринчи толкуну 2019-жылдын жай айларына туш келип, ыктыярчылар элге жана дарыгерлерге чоң жардам беришкен.
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 15-апрелдеги маалыматы боюнча өткөн күнү 2641 кишиден коронавирус инфекциясы аныкталды. Андан бир күн мурун өлкө боюнча 85 адам өпкөсү кагынып, ооруканага жаткырылды.
Бул илдет акыркы эки күндө 25 адамдын өмүрүн алып кетти. 20 кишинин өлүмү COVID-19 илдети менен байланыштуу болсо, калган бешөө пневмониядан каза болду.
Казакстанда былтыр пандемия башталгандан бери коронавирустун 278 695 учуру катталды. Былтыр август айынан бери 51 миңден ашуун бейтап пневмония менен ооруканага жаткырылган. Алар коронавирус менен ооругандардын тизмесине кошулган эмес. Алардын арасынан 741 адам кайтыш болду.
Ал эми пандемия башталгандан бери Казакстанда коронавирустан өлгөндөрдүн жалпы саны 3306 адамга жетти.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсеби боюнча дүйнөдө ушул күнгө карата 138 миллион киши коронавирусту жугузуп, андан 2,9 миллион адам өлдү.
Ал эми Кыргызстанда 15-апрелде COVID-19 илдетинен дагы алты киши каза болду.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, алардын төртөө Бишкекте, экөө Чүйдө ооруканада жаткан.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1540ка жетти.
15-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 305 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында (186), андан кийин Чүй облусунда (89), Ысык-Көл облусунда (12), Ош шаарында (7), Талас облусунда (4), Жалал-Абад облусунда (4), Баткенде (2), Нарында бир учур аныкталды.
Акыркы күндөрдө илдет расмий аныкталгандар айыккандардан дээрлик эки эсе арбын катталууда.
Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 91 144, айыккандар 86 491 кишини түздү. Бир күн аралыгында 178 бейтап айыкты.
Ушу тапта стационарларда оору менен алышып жаткан 1010 бейтаптын 27синин абалы канааттандыраарлык, 685и орто оор, 263ү оор, 35 киши өтө оор абалда. Үй шартында (амбулатордук) дарылангандар 1139га жетти.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын саламаттык сактоо системасында 3 миң жумуш орду бош турат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде президент Садыр Жапаров Бишкектин жана Чүйдүн коронавирус болгон бейтаптарды дарылап жаткан ооруканаларын кыдырганда айтты.
Мамлекет башчысы дарыгерлер маянанын аздыгынан жумушун таштоого мажбур болгонун, бул маселе алардын айлыгын көбөйтүү жана иш шартын жакшыртуу аркылуу чечилерин билдирди. Медицина кызматкерлери үчүн мамлекеттен ипотекалык насыя алуу жолу жеңилдетилип, алардын турак жай алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.
Жапаров коронавирустан дарылоо үчүн ачылган “кызыл зоналарды” кыдырып, бейтаптар жана дарыгерлер менен жолукту.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун ыктымал үчүнчү толкунуна даярдык тууралуу айтып, дары-дармек жетиштүү экенин, тийиштүү дарыларды жана жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 200 миллион сом, айыккан бейтаптар үчүн дарыгерлерге кошумча маяна иретинде төлөөгө 157 миллион сом каралганын билдирди.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы 2020-жылдын март айында башталып, июль айында ооругандар жана каза болгондор эң көп катталган. Соңку күндөрү бул ооруну жугузуп алгандар кайра көбөйүүдө. Жалпысынан COVID-19 Кыргызстанда 90 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду. Оору жуккандардын 4 миңдейи медицина кызматкери, алардын жүздөн ашууну көз жумду.
Аргентинанын Саламаттык сактоо министрлиги вакцина коопсуздугу тууралуу отчетунда Орусияда жасалган "Спутник V" вакцинасы менен эмдөөдөн кийин канда тромбоциттердин деңгээлин азайтуучу (тромбоцитопения) оору козголору, бул кан токтобоо коркунучуна жана тромбозго алып келгени тууралуу кабарланган.
«Фармацевтикалык кабарчы» журналы мындай окуя Аргентинада 1,5 млн. адам эмделден кийин аныкталганын жазды.Ага ылайык, мындай коркунуч эмдөөнүн 0,008% түзөт.
Аргентинада жалпысынан Орусияда жасалган вакцинаны колдонуудан реакция пайда болгон 23 804 учур катталган. Бул жүз миң дозанын 1640,5 учуру. Көпчүлүк учурларда баш оору, сасык тумоо сыяктуу белги, безгек, ийне сайылган жердин оорушу жана жеңил аллергия катталган.
«Спутник V» вакцинасын алгандан кийин жети адамдын абалы оорлогон. Алардын ичинен беш адамда тромбоцитопениядан тышкары анафилаксия (коркунучтуу аллергиялык реакция) байкалган.
COVID-19 илдетине каршы былтыр августта иштелип чыккан орусиялык «Спутник V» вакцинасы быйыл февраль айында үчүнчү сыноодон өтүп, анын натыйжалуулугу 91,6 пайызды түзгөн. Аны колдонууга элүүгө чукул өлкөдө уруксат берилген.