Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкектеги жана Чүйдөгү бир катар медициналык мекемелерди кыдырды.
Ал Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Улуттук госпиталга жана Токмок аймактык ооруканасына барып, ал жерде COVID-19 вирусунан дарыланып жаткандардын абалы менен таанышты. Андан кийин мамлекет башчы кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Президент жалпысынан өлкөдө абал өтө коркунучтуу эмес деп баалады. Ал оорунун белгилери байкалган учурда эле ооруканага, дарыгерге кайрылуу зарылчылыгын айтты.
“Өзүңөрдүн ден соолугуңарга кайдыгер болбой, кайрылып тургула. Эң негизгиси, мен сиздерден суранарым, баарыңыздар вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 4 миңдин тегерегинде гана адам вакцина алды. Вакцина бар. Райондогулар ар бир райборборго барсаңыздар болот”, - деди Жапаров.
Бирок март айында президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина албай турганын кабарлаган.
Анын айтымында, мамлекет башчыда вируска каршы антитела иштелип чыккандыктан дарыгерлер эмдөөнүн кажети жоктугун билдирген.
Садыр Жапаров кырдаалдан карантиндик чектөөлөрдү киргизбей чыгып кетүүгө бар күчүн жумшарын билдирди.
Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 15-апрелде COVID-19 илдетинен 6 киши каза болду. Былтыр марттан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1540 кишиге жетти.
Вирус акыркы бир суткада 305 кишиден аныкталды. Оору жугузуп алгандардын көбү Бишкекте жана Чүйдө.
Ооруга жалпы 91 144 адам чалдыгып, 86 491 киши айыкты.
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы төрт киши каза болду.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, алардын үчөө Бишкекте, бирөө Чүйдө ооруканада жаткан.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1544кө жетти.
16-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 230 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында (131), андан кийин Чүй облусунда (70), Ысык-Көл облусунда (12), Ош шаарында (3), Ош облусунда (3), Талас облусунда (1), Жалал-Абад облусунда (4), Баткенде (2), Нарында (4) учур аныкталды.
Акыркы күндөрдө илдет расмий аныкталгандар айыккандардан кыйла көп катталууда.
Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 91 374, айыккандар 86 621 кишини түздү. Бир күн аралыгында 130 бейтап айыкты.
Ушу тапта стационарларда оору менен алышып жаткан 1070 бейтаптын 30унун абалы канааттандыраарлык, 757си орто оор, 248и оор, 35 киши өтө оор абалда. Үй шартында (амбулатордук) дарылангандар 1173кө жетти.
Ош шаарындагы №20 Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын эки окуучусунан коронавирус аныкталды.
Шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров "Азатыкка" бул мектеп карантинге жабылар-жабылбасын комиссия чечерин айтты:
"Ошол эки окуучу тең бир класста окугандыктан ал класс толугу менен онлайн окууга кетти. Азыр текшерип жатышат. Мектепти убактылуу жабуу маселеси азырынча карала элек. Аны мэриянын алдындагы атайын комиссия чечет".
Комиссия качан жыйынга чогулары азырынча беймаалым.
13-апрелде Ош шаарындагы "Жетиген" жана "Олимп" мектептеринде эки окуучудан коронавирус чыккан болчу. Мындан улам мэриянын комиссиясы мектептерди эки аптага жабуу тууралуу чечим кабыл алган.
16-апрелге карата Ош шаарында COVID-19 жалпысынан үч адамдан аныкталды.
Кыргызстанда коронавирусту 91 миңден ашык адам жуктуруп алды жана анын 86 миңден көбү айыкты. Бул илдет 1544 бейтаптын өмүрүн кыйды.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумдан кийин коронавирус жугузгандар кескин көбөйдү.
Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелдеги брифингде билдирди.
"Шайлоо өттү. Шайлоодон кийин дайыма коронавирус көбөйө баштайт. Себеби, дарыгерлердин айтканын эч ким укпай, беткап тагынбай, социалдык аралыкты сактабай, эл көп жерлерге чогулушуп, күндөн-күнгө оору күчөп баратат. Бир жарым, эки ай мурда Чүй, Бишкек, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда ооругандардын саны бир ай, эки айлап жок болуп калган. Шайлоо өткөндөн кийин бардык облустарда ооруй башташты. Кечээ 305 киши ооруп калды", - деди Бейшеналиев.
16-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 230 кишиден табылды. Бир күн мурда 305 кишиден расмий аныкталып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болгон.
Акыркы күндөрдө илдет расмий аныкталгандар айыккандардан кыйла көп катталууда.