Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:11 16.4.2021

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелде журналисттерге талкууга түшкөн уу коргошун тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлдү.

"Кыргызстандын бардык жеринде ыктыярдуу түрдө колдонулуп жатат. Бирөө ичкенден кийин эртеси издеп жатат. Алардын баарынын абалы жакшырган. Садыр Жапаров уу коргошун тууралуу мурдагы президент Жээнбековго кайрылып, ал укпай койгондо мага "сен дарылап көр" деп айткан. Мен туугандарымды дарылагам".

Бейшеналиев журналисттердин алдында уу коргошундун тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айтты. Президент экөө кайнатманы даярдап жатканын белгиледи. Дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалады.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Көп өтпөй анын социалдык тармактагы расмий баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган. Анын сыртында "Уу коргошун" деген жазуу бар.

Кыргызстанда уу коргошунду рак жана башка ооруларды дарылоодо табыптар колдонуп келген. Бирок ага медицинада тыюу салынган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстандын бийлиги айткан ыкма тууралуу комментарий бере элек. Социалдык тармактардын колдонуучулары өлкөдө уу коргошун ичип каза болгондор бар экенин жазып жатышат.

15:11 16.4.2021

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 16-апрелде өлкөдө коронавирусту дарылоодо уу коргошундун колдонулушу тууралуу билдирүү таратты.

Анда дүйнөдө препараттарды иштеп чыгууда клиникалык изилдөөлөр маанилүү экени, анын натыйжалуулугу менен коопсуздугу иликтене турганы айтылат.

Ошондой эле уу коргошундун коронавирусту дарылоодо натыйжалуулугу тууралуу ДССУнун маалыматы жок экени белгиленген. Уюмдун билдирүүсүндө, мындай маалымат алуу үчүн чөптүн фармакологиялык касиетин эл аралык стандарттарга ылайык иликтеп чыгуу керек.

Мындан тышкары аталган уюм COVID-19дун белгилери байкалганда өз алдынча дарыланбай, токтоосуз түрдө дарыгерлерге кайрылоону сунуштады. Аралыкты сактоого, баткап тагынууга, колду бат-баттан жууп, тазалоочу, вирус-бактерияларга каршы каражаттарды колдонуу, үйдү желдетип туруу, оорунун белгилери байкалганда тест тапшырууга элди чакырды.

18:11 16.4.2021

Бишкектеги Ак үйдүн алдында башкалаадагы жүзгө чукул медициналык кызматкер тынчтык акцияга чыгышты.

Алар коронавирус пандемиясынын шартында иштегени менен "өкмөт убада кылган кенемте берилбеди, айлыктар көтөрүлгөн жок" деп нааразылык билдиришти. Акцияга чыккандардын бири Кемелбек Мамыров ооруган кызматкерлердин баарына кенемтени тегиз берүүгө бийликти чакырды.

Чогулгандардын айрымдары "Өкмөттүн компенсация төлөө убадасы аткарылган жок!", "Медайымдарга да 1-апрелден тартып 100% айлык!" деген жазууларды көтөрүп турушту.

Президентке, өкмөткө кайрылган медайымдар айлыкты 50% эмес, 100% көбөйтүүнү суранышты. Алар оор шартта иштеген учурда элдин кол салуусуна кабылган учурларын эске салып, кол тийбестик тууралуу маселени да көтөрүштү.

Мындан тышкары коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерге кенемте туура каралып, туура бөлүштүрүлбөй жатканын айтышып, муну чечип берүүнү талап кылышты.

Уюштуруучулардын айтымында, акцияга негизинен "кызыл зонада" иштегендер келди. Нааразы тарап өкмөткө жана президентке кайрылуу жолдошту.

Акыркы күндөрдө Кыргызстанда коронавирус жугузгандар, андан кайтыш болгондор көбөйүп жатат. Илдет аныкталган медкызматкерлер да күн сайын катталууда.

12:41 17.4.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарындагы ооруканаларда жатышкан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1546 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 265 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (148) жана Чүй облусунда (80).

Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 91 639 адамга жетти.

Бир күндө 152 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1130 адам жатат, дагы 1223 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4,5 миңге жетти, алардын жүздөн ашууну каза болду.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. Марттын ортосунан бери ооругандар жана каза болгондор кайра көбөйдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG