Медицина илимдеринин доктору, академик Мамбет Мамакеев кыргызстандыктарга кайрылып, коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.
Ал өзү 23-апрелде Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк медицина борборунана орусиялык "Спутник V" вакцинасын биринчилерден болуп алды.
94 жаштагы Мамакеев Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал начарлап, өлгөндөрдүн саны улам өсүп жатканын эске салды:
"Дүйнөлүк медицина өнүккөнүнө карабай COVID-19 оорусуна каршы эффективдүү дары табылбай келет. Мындан улам эселеп лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөн вакциналарды алып, бул жугуштуу оорунун алдын алууга болот”.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекованын айтымында, Бишкек шаарына жана Чүй облусуна орусиялык вакцинасынын 2500 дозасы бөлүнүп берилген. Аны жашы 65тен ашкан жарандар, өнөкөт оорусу бар адамдар алса болот.
Эмдөө башкалаадагы №2, №6, №7 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлүп жатат.
Бул препаратты -18, -25 градуста сактоо талап кылынат.
"Спутник V " вакцинасынын 20 миң дозалык алгачкы партиясы Бишкекке 22-апрелде жеткирилген.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен беш адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Бишкекте, экөө Чүйдө ооруканада жаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1589 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 247 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (146) жана Чүй облусунда (79).
Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 94 277 адамга жетти.
Бир күндө 203 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1469 адам жатат, дагы 1817 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4411 адамга жетти, алардын 4326сы айыгып чыкты.
Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.
- автор Элвира Будайчиева
Казакстан өзүнүн вакцинасына ишенип турат
Казакстанда коронавируска каршы жергиликтүү "QazVac" вакцинасы үчүнчү клиникалык сыноодон өткөнгө чейин эле аны менен калкты эмдөөгө уруксат берилгени кабарланды. Биринчилерден болуп, бул вакцина менен Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой эмделди.
Дүйшөмбүдө Казакстан клиникалык сыноонун үчүнчү фазасы аяктаганга чейин калкты казакстандык "QazVac" вакцинасы менен коронавируска каршы сая баштады. Алгачкы болуп өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой эмделди.
"Негизи Казакстан үчүн бул чоң жетишкендик. Биз дүйнөдө жергиликтүү вакцинасын чыгарган он өлкөнүн ичине киребиз. Бул вакцина калктын негизги катмарын эмдөөгө толугу менен жетет", - деди Алексей Цой.
Вакцина адамга 21 күн аралык менен эки жолу сайыла турганы нускамасында так көрсөтүлгөн.
Буга чейин "QazVac" вакцинасынын жыйынтыктоочу клиникалык сыноосу быйыл 9-июлда аяктай турганы жарыяланган. Саламаттык сактоо министрлигинин ырасташынча, бул клиникалык сыноолорго 3 миңден ашуун ыктыярчы катышкан.
Анткен менен вакцинадан кооптонгондор да жок эмес. Казакстандык изилдөөчү Акмарал Турсынова илимий жактан тыкыр тастыкталбаган вакцина менен жапырт эмдөө кооптуу экенин белгиледи.
"Вакцинанын үчүнчү фазасын аяктап, илимий басылмаларда жарыялагандан кийин биз, изилдөөчүлөр тастыкташыбыз керек. Тыянак чыга электе иш жүзүнө чыгаруу менен эч кандай реестр аны катарына киргизбейт", - деди Турсынова.
Буга чейин казак бийлиги "QazVac" Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун каттоосунан өткөнүн жарыялаган. Ал эми Казакстан түркиялык "Атабай Кимия" фармацевтикалык компаниясы менен атайын келишим түзүп, учурда казакстандык вакцина Түркияда жасалууда.
Негизинен казак бийлиги вакцина жасай турган завод кура турганын өткөн жылы эле жарыялаган, бирок анын курулушу бүтө элек.
Былтыр Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев завод 2021-жылдын биринчи кварталында ишке кирерин, анын курулушуна 7 миллиард теңге (16 миллион доллардан ашык) каражат сарпталарын айткан.
Анткен менен апрель айынын башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орусиялык "Sputnik V" вакцинасы менен эмделген. Бирок ага чейин Токаев эл алдында Казакстанда өнүрүлгөн вакцина менен эмделе турганын айткан болчу.
"Биздин милдет - мүмкүнчүлүк берүү. Анан жарандар өздөрү тандашат, кааласа өздөрү эмдөөдөн өтөт", - деди Токаев мамлекеттик телеканалдардын биринде.
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 26-апрелге карата 19 миллионго жакын калкы бар Казакстанда 893 633 адам коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөн, анын ичинен 165 997 адам вакцинанын экинчи дозасын алган.
Өткөн жылдын март айынан бери Казакстанда 309 миңден ашуун киши коронавирус жуктуруп алганы тастыкталган.
Казак бийлигинин айтымында, коронавирус жана пневмония 4345 адамдын өлүмүнө себеп болгон. Бирок COVID-19 илдети тастыкталган дагы бери дегенде миңге жакын өлүм расмий статистикага кирген эмес, анткени атайын комиссия алардын өлүмүнүн себеби катары башка ооруларды көрсөткөн.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус коронавируска байланыштуу Индиядагы абалга «жан кейитерлик» деп баа берип, пандемия менен күрөшүү үчүн бул өлкөгө жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2000дей кызматкери Индияга жөнөтүлдү.
Соңку күндөрү Индияда коронавирусту жугузгандар жана каза болгондор кескин көбөйдү. Күн сайын бул өлкөдө 300 миңден ашык адамдан вирус аныкталып, 2000ден көп адам каза болууда. Ооруканаларда орун жана дем алдыруучу аппараттар жетишпей, бейтаптарга убагында жардам көрсөтүлбөй калууда. Өлкө бийлиги пандемия менен күрөшкө аскерлерди тарта баштады. Буга чейин Британия, Германия, АКШ Индияга тезинен жардам көрсөтүүгө убада берген.
Дүйнөдө соңку тогуз жумадан бери вирусту жугузгандар көбөйүп жатса, акыркы алты аптада андан каза болгондордун да саны арбыды. Өткөн жумада COVID-19 вирусун жугузгандардын саны пандемия башталган алгачкы беш айдагыдай абалга жетти.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери дүйнөдө 147 миллиондон ашык адам вирус жугузса, анын кесепетинен 3 миллион 121 миңдей киши кайтыш болду.