Биринчи вице-премьер министр Артем Новиков 27-апрелде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.
Анда өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, дары-дармек, медициналык жабдуулар, дарыгерлердин саны, ооруканаларда COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн кошумча орундарды жана стационарларды ачуу маселелери талкууланды.
"Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандар көбөйүүдө. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрүлдү. Күнүнө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 400гө жеткен учурга кабылдык", - деди Новиков.
Бишкек шаарында абал кооптуу болуп бара жаткандыктан, келерки жумада кошумча стационарларды ачып, дарыгерлердин мобилдик тобун көбөйтүү каралууда.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 28-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен үч адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкекте, бирөө Чүйдө ооруканада жаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1592 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 322 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (227) жана Чүй облусунда (59).
Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 94 599 адамга жетти.
Бир күндө 243 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1439 адам жатат, дагы 1939 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4417 адамга жетти, алардын 4332си айыгып чыкты.
Индияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 200 миңден ашты. Эксперттер өлгөндөрдүн чыныгы саны бир топ жогору экенин айтышууда.
Индияда соңку жети күндөн бери коронавирус пандемиясы кеңири кулач жайып, аны жугузуп алгандар менен илдеттен каза болгондордун саны эл аралык коомчулуктун үшүн алууда.
Коронавирусту жугузуп алгандардын саны расмий статистика боюнча күн сайын 300 миңдин айланасында аныкталып, суткасына 2 миңден ашуун өлүм катталып жатканы белгиленди.
Индиядагы коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну мутацияланган түрүндө каптады. Индияда 1 миллиард 400 миллион адам жашайт.
Индиянын саламаттык сактоо системасы экинчи толкунга туруштук бере албай расмий Дели эл аралык коомчулуктан жардам сурады. АКШ, Евробиримдик баш болгон өнүккөн өлкөлөр жана эл аралык уюмдар илдеттин жайылуусун басаңдатуу үчүн Индияга жардам көрсөтүү чараларын көрүп жатат.
Вице-премьер-министр Артем Новиков Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жыйынында Кыргызстандын калкын коронавируска каршы толук эмдөө үчүн 2 млн. доза вакцина талап кылынарын айтты.
Анын айтымында, тобокел топко кирген калктын катмарын эмдөө күзгө чейин аяктап, калган тургундарды эмдөө бир жылга чейин созулушу мүмкүн.
«Өлкөгө Кытайдын 150 миң вакцинасы келди, аны менен 15 миңден ашуун адам эмделди. Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келди. Май айында дагы 40 миң доза келери күтүлүүдө. Июнда андан кийинки алып келүүнүн тартибин сүйлөшөбүз. Орусиянын Тикелей инвестициялар фонду менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 1 млн. доза вакцина алып келүү боюнча келишимге кол койгон. Азыр Орусияда вакцинага талап көп болгондуктан, өндүрө алышынча чет өлкөлөргө сатып жатат”, - деди Новиков.
Новиков эл аралык COVAX программасынын алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму уруксат берген “AstraZeneca” вакцинасынын 400 дозасы келерин да айтты.
Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун маалыматына караганда, 28-апрелге карата өлкө боюнча COVID-19 вирусуна каршы эмделгендердин саны 20 миңден ашты.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-апрелдеги маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде коронавирустан алты бейтап каза болду. Вирустан көз жумгандардын бардыгы Бишкек шаарында катталды. Муну менен коронавирустан каза тапкан адамдардын саны 1598га адамга жетти.
Акыркы суткада 345 кишиден вирус жаңы аныкталды. Көбү Бишкекте (224) катталган. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 94 944 адамга жетти.
Бир күндө 265 адам сакайып чыкты. Учурда 1470 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 72 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Коронавируска кабылгандар Бишкек шаарында көбөйүп жатканына байланыштуу кийинки аптадан тартып кошумча стационарлар ачылары айтылган. Ага жараша медиктердин мобилдик бригадаларынын саны да көбөйөт.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө март айында Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен башталган. 22-апрелде өлкөгө Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келип, Бишкек, Чүй облусундагы 65 жаштан улуу, өнөкөт оорусу барлар эмделүүдө.
Өкмөттүн маалыматына караганда, эл аралык COVAX программасынын алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму уруксат берген AstraZeneca вакцинасынын 400 дозасы келери күтүлүп жатат.
Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун маалыматына караганда, 28-апрелге карата өлкө боюнча COVID-19 вирусуна каршы эмделгендердин саны 20 миңден ашты.