Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери 7-майда Португалиянын Порту шаарындагы эки күндүк саммитке чогулууда.
Анда 27 өлкөнүн жетекчилери пандемияга каршы чараларды жумшартуу маселесин талкуулайт. Бул саммит быйыл жыл башынан бери европалык лидерлер көзмө-көз жолуккан биринчи жыйын болмокчу. Буга чейинки саммиттер онлайн форматта өтүп келген.
Жыйындын экинчи күнү, 8-майда Евробиримдиктин лидерлери коронавирустун оор кесепетин тартып жаткан Индиянын премьер-министри Нерандра Моди менен видеоконференция аркылуу бул өлкөгө эл аралык жардамды берүүнүн жол-жобосун талкуулашат.
Евробиримдикте пандемиядан улам көп чектөөлөр болгон. Бул уюмга мүчө өлкөлөрдө вируска каршы эмдөө алгач жай жүрүп жатканы айтылганы менен соңку учурда бул жаатта жылыштар байкалды.
Ушул аптада Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен шаркетте 150 миллион адам эмделгенин жарыялады. Анын маалыматы боюнча, коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын Евробиримдиктеги жашы жеткен ар бир төртүнчү адам алды.
Июнь айында шаркетте 70 пайыз эмдөөгө жетчүдөй вакцина даярдалары айтылууда.
Еврокомиссия жай айынан тарта уюм ичинде катташ үчүн чектөөлөрдү жеңилдетүүнү сунуштап жатат.
Дүйнөдө COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын 155 миллион 650 миңден ашты. Ооругандардын 3 миллион 240 миңден көбү көз жумду, 92 миллиондой бейтап сакайды.
Коронавирус пандемиясы боюнча көз карандысыз статистика жүргүзүп келаткан АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы 7-майга карата ушундай эсеп чыгарды.
Оору эң көп жайылган беш мамлекетке АКШ (32 миллиондон көп), Индия (21 миллиондон көп), Бразилия (15 миллиондон көп), Франция (6 миллионго жакын), Түркия (5 миллиондой) кирет.
2019-жылдын декабрында Кытайдан аныкталып, дүйнөгө тараган дарт 192 мамлекетке жайылды. Кыргызстанда 2020-жылдын мартында аныкталып, 7-майга карата ооругандар 97 миңден ашты, 1600дөн көп адам көз жумду.
Дүйнө мамлекеттери америкалык, европалык, орусиялык жана кытайлык вакцина менен элге эмдөө жүргүзүүдө.
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы алты бейтап жумду. Алар Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында.
Илдетке каршы республикалык штаб кабарлагандай, 8-майга карата 416 адамдан оору жаңы аныкталды. Мурда ооругандардан 308 киши айыкты.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондордун саны расмий эсепте 1649га жетти.
Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 40 миңдей киши вакцина алды.
Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.
Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 98 079, айыккандар 91 267 кишини түздү.
08.05.2021
Стационарда дарыланууда – 1653 бейтап, алардын ичинен:
3 адам (0,1%) - канааттандыраарлык абалда;
1130 (68,3%) - орто оордукта;
437 (26,4%) - оор абалда;
83 (5,0%) - өтө оор абалда.
6-майда Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын 60 жаштагы тургуну Чолпон-Ата аймактык ооруканасына оор абалда түшкөн.
Дарыгерлердин аракетине карабай бейтап эсине келбей каза болгон. Маркумдун жакындары милицияга ал ооруп, уу коргошун ичкенин айтып беришкен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Аталган факт Ысык-Көл райондук милициясынын маалымат электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин бул окуяга юридикалык баа берилет.
16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан.
Министр тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган. 20-апрелде уу коргошунга ууланган төрт бейтап оор абалда ооруканага жеткирилген.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана бир катар адистер коронавируска каршы дарылоодо уу коргошундун (аконит) пайдасы далилденбегенин эскертишкен.