Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:46

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:42 8.5.2021

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска каршы вакцина катары кытайлык “Sinopharm” препаратын каттоого алды. Бул Бириккен Улуттар Уюму кабыл алган Европада өндүрүлбөгөн алгачкы вакцина болуп калды.

Кытайдын мамлекеттик "SinoPharm" корпорациясы жасаган вакцина ДССУ коронавируска каршы деп жактырган башка препараттардан айырмаланат. Ал дарылардын классикалык схемасы болгон “инактивдешкен вакцина” же “өлгөн вирусту” организмге киргизүү менен иммундук системаны пайда кылат.

Вакцина өндүрүүчүлөрүлөрү “Sinopharm” вакцинасынын натыйжалуулугу 79% деп билдирүүдө. Бирок, батыш өлкөлөрүнүн илимий коомчулугуна дарыны сыноо ачыктыгы суроо жаратууда.

Буга чейин ДССУ Евробиримдиктин аймагында "AstraZeneca", "Pfizer/BioNTech", "Moderna" жана "Johnson & Johnson" компанияларынын вакциналарын каттоодон өткөргөн.

Орусиянын "Спутник V" препараты март айынан бери Европанын дары-дармектер агенттигинин бүтүмүн күтүп турат. Ошондой эле орусиялык бул вакцина ДССУ сунуштаган препараттардын тизмесинде жок.

Кыргызстанда Кытайдын "Sinopharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 40 миңдей киши вакцина алды.

Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөт эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 98 079га жетсе, айыккандардын саны 91 267 кишини түздү.

13:21 9.5.2021

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы алты бейтап жумду. Алар Чүй облусунда жана Бишкек шаарында дарыланып жатышкан.

Илдетке каршы республикалык штаб кабарлагандай, 9-майга карата 321 адамдан оору жаңы аныкталды. Мурда ооругандардан 292 киши айыкты.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондордун саны расмий эсепте 1655ке жетти.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 40 миңдей киши вакцина алды.

Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 98 400, айыккандар 91 559 кишини түздү.

17:58 10.5.2021

Орусиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынын экинчи партиясы 20 миң доза өлчөмүндө Бишкекке бүгүн, 10-майда келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Вакцинанын биринчи партиясы Кыргызстанга 23-апрелде келип, эмдөө башталган. Кыргызстандыктар коронавируска каршы Кытайдын "SinoPharm" вакцинасын да колдонуп жатат. Расмий кабарда 40 миңден ашык киши эмдөөдөн өткөнү белгилүү болду.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "Astra Zeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

12:06 11.5.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 11-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада илдеттен жети бейтап каза болду. Алардын бешөө Бишкекте, бирөө Чүйдө, дагы бири Ысык-Көл облусунда катталды. Муну менен пандемияда вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1667 адамга жетти.

Акыркы суткада 379 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын көбү Бишкекте (240) жана Чүйдө (103) катталды. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 99 033 адамга жетти.

Бир күндө 304 адам сакайып чыкты. Учурда 1703 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 95 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Ушул күндөрү 40 миңден ашуун киши вакцина алды.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча кечээ, 10-майда кеңешме өткөрүп, эмдөөнү тездетүү керектигин белгилеген.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG