Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:00

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:30 11.5.2021

Индияда бир күндө 4000 адам өлдү

15:33 12.5.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 12-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада илдеттен сегиз бейтап каза болду. Алардын бешөө Бишкекте, үчөө Чүйдө катталды. Муну менен пандемияда вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1675 адамга жетти.

Акыркы суткада 283 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын көбү Бишкекте (158) жана Чүйдө (75) катталды. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 99 316 адамга жетти.

Бир күндө 289 адам сакайып чыкты. Учурда 1755 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 89 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Ушул күндөрү 43 миңден ашуун киши вакцина алды.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

13:01 13.5.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада илдеттен алты бейтап каза болду. Алардын бешөө Бишкекте, бирөө Чүйдө катталды. Муну менен пандемияда вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1681 адамга жетти.

Акыркы суткада 329 киши коронавирусту жугузуп алды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 205
  • Ош - 9
  • Чүй облусу – 75
  • Ош облусу - 3
  • Талас облусу - 2
  • Нарын облусу - 5
  • Ысык-Көл облусу – 18
  • Жалал-Абад облусу – 9
  • Баткен облусу - 3

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 329

Жалпы: 99 645

Бир күндө 309 адам сакайып чыкты. Учурда 1750 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 82 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

10:25 14.5.2021

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан алты бейтап каза болду. Алардын төртөө Бишкекте, бирөө Чүйдө, дагы бири Ысык-Көл облусунда катталды. Муну менен илдеттен каза тапкандардын саны 1687 кишиге жетти.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 12-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 200 кишиден вирус жаңы аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын ичинен 235 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 99 845 киши вирус жугузуп алды. Анын 92 953ү сакайып чыкты.

Учурда 1758 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 86 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Соңку күндөрү COVID-19 илдетинен көз жумгандар көбөйүп, май айынан башынан бери эле 83 бейтап жашоо менен кош айтышкан.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, ушул күндөрү 50 миңден ашуун киши вакцина алды.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

12-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөш үчүн 20 миллион доллар бере турганын билдирген. Министрдин айтымында, бөлүнгөн каражатка Кыргызстан кытай вакцинасын сатып алат.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG