Кыргызстанда акыркы бир суткада 35 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул акыркы айлардагы эң чоң көрсөткүч.
Жалпысынан COVID-19 менен 5 004 медициналык кызматкер катталды, алардын 4 710у айыгып чыкты.
8-июнга карата расмий эсепте оору жуккан медкызматкерлердин 100дөн ашыгы каза болду.
Кыргыз бийлиги буга чейин коронавирустан өлгөн дарыгерлердин үй-бүлөсүнө миллион сомдон, жуктуруп алгандарга 200 миң сомдон кенемте төлөө тууралуу токтом чыгарган.
Кийинчерээк ал өзгөртүлүп, өлгөндөргө 2 миллион 800 миң, жуктуруп алгандарга 75 миң сомдон төлөнмөй болгон.
17-июнда Кыргызстанга “Спутник V“ вакцинасынын 80 миң дозасы келери маалым болду. 40 миң кишиге эсептелген Орусиянын препаратын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен акча бөлүндү. Бул тууралуу "Азаттыкка" министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.
“Бүгүн Орусиядан “Спутник V” вакцинасы келет. Мындан тышкары Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы 20-июнда келиши күтүлүүдө”, - деди Бакашова.
Ушул күндөрү Кыргызстанда 90 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулду.
Буга чейин эл аралык COVAX программасынын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери да маалымдалган.
Андан тышкары, Кыргызстан Дүйнөлүк банк берген 20 миллион доллардын 17 миллионуна 1 миллион доза вакцина сатып алганы жатат.
16-майда Казакстанда 1 145 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Баш калаа Нур-Султанда бир күндө 343 адам COVID-19га чалдыкканы ырасталды. Бул республика боюнча катталган эң жогорку көрсөткүч.
"Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, Казакстандын борбор шаарында коронавирусту жугузуп алгандардын саны өткөн аптага салыштырмалуу 7 пайызга өстү. Соңку бир суткада Караганды облусунда 150, Алматыда 109 бейтаптан вирус табылды. Калган шаарлар менен облустарда катталган бейтаптардын бир күндүк саны жүзгө жетпейт.
Казак бийлиги анализинен коронавирус табылгандарды жана пневмонияга чалдыккандарды өз-өзүнчө санап келет. 2020-жылдын март айынан бери бул өлкөдө 405 миңден ашуун адам коронавирусту жугузуп алганы ырасталды. Былтыр август айынан бери 56 миңден көп адам пневмонияга чалдыккан.
Расмий статистикага ылайык, пандемия башталгандан бери 4203 адам COVID-19дан, 3420 киши пневмониядан көз жумган. Дагы 2 миңдей бейтап коронавирустун кыйыр таасиринен кайтыш болгон.
Акыркы маалыматка ылайык, 19 миллиондой калкы бар Казакстанда 2 миллион 629 жаран коронавируска каршы вакцинанын кеминде бир дозасын алды.
Дүйнөнү коронавирустун жаңы түрү каптады
Коронавирустун "Дельта" деп аталган жаңы вариантынын тездик менен жайылып баратышы Англияда тынчсызданууну күчөттү. 17-июнда Лондондогу империялык коллеж өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялап, вирустун бул түрүнөн улам май айынан бери инфекция 50% көбөйгөнүн билдирди. Буга чейин Борис Жонсон жетектеген британ өкмөтү "Дельтага" байланыштуу чектөөлөрдү 19-июлга чейин жеңилдетпей туруу чечимине келген.
Британиядагы чоң адамдардын жарымынан көбү толук эмдөөдөн өттү. Ал эми төрттөн үч бөлүгү вакцинанын кеминде бир дозасын алды.
АКШдагы саламаттык сактоо тармагындагы адистер дагы "Дельта" вариантынын жайылышынан улам камтамачылыгын билдирип жатышат.
Кошмо Штаттарда коронавирусту жуктуруп алгандардын жана андан көз жумгандардын күнүмдүк көрсөткүчү кыштан бери 90% төмөндөдү. Анткен менен АКШнын айрым аймактарында эмдөө жай жүрүп жатат. Маселен түштүктөгү Миссисипи штатында жашагандардын 28% гана вакцина алышты.
Эксперттер азыркы вакциналардын бардыгы "Дельта" вариантына туруштук бере аларын айтканы менен, вирустун бул түрү эмдөө кеч жүрүп жаткан штаттарды капташы мүмкүн деген кооптонуу бар.
АКШда коронавирустун дельа вариантын жугузуп алгандар май айында 2,7 пайыз болсо, июнда 9,7 пайызга жетти.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, алгач Индияда табылган бул вариант учурда дүйнөнүн 80 өлкөсүнө жетти. Адистер коронавирустун бул түрү башкаларына салыштырмалуу тез жайыла турганын айтып жатышат.
Кыргызстанга Орусиядан коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынан дагы 80 миң доза келди. Бул тууралуу 17-июнда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Анын айтымында, 20-июндан кийин Кытайдан дагы 150 миң доза Sinopharm вакцинасы келет.
Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө быйыл март айынын соңунда башталган. 20 миң "Спутник V", 75 миң Sinopharm келген. Вакцина каалоочуларга акысыз негизде сайылууда.
Ош шаарында коронавируска чалдыккандардын саны күн санап өсүп жатат. Бейтапканаларда орундар толуп, эки күндүзгү стационар иштей баштады. Алардын бирине эле күн сайын 500дөй киши кайрылууда. Бийлик абалды "курч" деп баалады. Бирок шаардыктардын санитардык талаптарды сактаганы байкалбайт.