Жалал-Абадда да коронавирус күчөй баштады. Мындан улам той-аштарга чектөө киргизүү жагы каралууда. Облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү бейтаптарга толуп, кошумча стационар ачылып жатат.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 18-июндагы маалыматына караганда, бир суткада төрт адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Бишкекте, бирөө Ошто катталды.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1920 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 653 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (269) жана Чүй облусунда (116).
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 113 430 адамга жетти.
Бир күндө 372 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2206 адам жатат, дагы 3946 бейтап үйдөн дарыланууда.
Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон.
Эксперттер өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал оор экенин айтышууда.
Коронавируска каршы вакцина алдыңызбы?
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул тушта өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирди. Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө быйыл март айынын соңунда башталган. Вакцина каалоочуларга акысыз негизде сайылууда. "Азаттык" шаар тургундарынын коронавируска каршы эмдөө тууралуу пикирине кызыкты.