Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:40

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:34 19.6.2021

Кыргызстанда 19-июнга карата 870 кишиден коронавирус аныкталды. Ооруп жаткандардын бешөө каза болду. Бул соңку айлардагы эң чоң көрсөткүч.

Оору жуктуруп алгандардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында - 470.
  • Ош шаарында - 113;
  • Чүй облусунда - 100;
  • Жалал-Абад облусунда - 76;
  • Ош облусунда 74;
  • Ысык-Көл облусунда - 20;
  • Нарын облусунда - 10;
  • Талас облусунда - 7.
  • Баткен облусунда ооруга чалдыккандар аныкталган жок.

Өлкөдө бул ооруга кабылгандардын жалпы расмий саны 114 300гө жетти. Алардын 1925и каза болуп, 104 706сы сакайды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги ушул тушта өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну курчуганын билдирген. Ооруканалар толуп, күндүзгү стационарлар ачылууда. Өкмөт адамдарды эл көп чогулган жайларга барбоого чакырган.

Жарандарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайыла баштаган.

Нарын: коронавирус кайра жайыла баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00

10:51 21.6.2021

21-июнга карата акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы алты бейтап каза болду. Алардын төртөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда дагы бири Ошто катталды. Муну менен илдеттин курмандыктары 1 937 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 21-июндагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 585 кишиден вирус жаңы аныкталды. Анын көбү Бишкекте (353).

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 360 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 115 615 киши вирус жугузуп алды. Анын 105 410у сакайды.

Учурда 2 403 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 101 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Ушул күндөрү Кыргызстанда 90 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат.

10:53 21.6.2021

Хорватия Кыргызстанга вакцина берет

Хорватия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берүүгө даяр экендигин билдирди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында кайсы дары жөнүндө сөз жүрүп жатканы так айтылган жок.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 18-июнда "Анталия дипломатиялык форумунун" алкагында румыниялык кесиптеши Богдан Ареску, Хорватиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Гордан Радман, ошондой эле Черногориянын тышкы иштер министри Жорже Радулович менен жолуккан.

11:00 21.6.2021

Бразилияда COVID-19 илдетинен көз жумгандар 500 миң кишиден ашты. Өлкө бул жагынан АКШдан кийинки экинчи орунда баратат.

19-июнда президент Жаир Болсонаронун пандемияга каршы аракеттерин сындаган солчул күчтөр көчөгө чыгып, нааразылык билдиришти. Калкы 213 миллиондун айланасындагы Латын Америкасындагы бул өлкөдө коронавируска 18 миллиондой киши чалдыкты. Акыркы кезде күнүнө вирус жугузгандар 100 миңдин тегерегинде, 2 миңдей өлүм катталууда.

Бразилиялыктардын 30% гана вакцинанын биринчи дозасын алды, 11% толук эмделди.

АКШда жапырт эмдөөнүн арты менен инфекциянын жайылышын ооздуктоо мүмкүн болгону менен, адистер вирустун Индиядан тараган “дельта” деген жаңы түрү кооптуу экенин эскертишүүдө.

Ал тапта Орусияда эпидемиологиялык кырдаал курчуп баратат. Июндун башынан бери вирусту жугузуп алгандар эки эсе көбөйдү.

Ишембиде катталган 18 миңдей жаңы учурдун жарымы Москвага туура келет. Эмдөө иштери солгун жүрүүдө. Борбор шаар жана эки региондо тейлөө тармагында иштегендер үчүн вакцина алуу милдеттүү деп жарыяланды. Эпидемияны көзөмөлгө алуу үчүн жаңы чектөөлөр киргизилип жатат.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG