Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын бербөө маселесин көтөрдү. Ал мындай пикирин 24-июндагы өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирди.
“Эмдөөнүн ыктыярдуу жана мажбурлоо жолдорун киргизели. Саламаттык сактоо министрлиги өзү эмдөөдөн өтпөй жатса, биз эмне кылабыз. Врачтар улам-улам ооруп жатпайбы. Калган армия, Ички иштер министрлиги сыяктуу жалпы 368 миң кызматкер эмдөөдөн өтпөсө "айлык албайсыңар" деш керек. Менин ушул сунушумду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөм”, - деди Жапаров.
Өзбек бийлиги коронавирус коркунучунан улам Ташкентке бир катар чектөөлөрдү киргизет. Мындай чечим коронавирустун Индиядан тараган "дельта" түрүнөн сактануу үчүн чыгарылган.
Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, 28-июндан тартып Ташкентке зарыл иши болбогондор киргизилбейт.
Мындан сырткары намазды мечиттердин сыртында окуу сунушталып жатат.
25-июнда Өзбекстанда COVID-19 476 адамдан жаңы аныкталды. Бул быйылкы жылдын эң жогорку көрсөткүчү.
Өзбекстанда коронавирустун "дельта" түрү эки күн мурда аныкталган. Болжол менен бул штамм өлкөгө Орусиядан келген.
34 миллионго жакын калкы бар Өзбекстанда пандемия башталгандан бери коронавируска 108 184 киши чалдыкканы расмий маалымдалды. Вирустун курмандыктары 725 кишиге жетти.
Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирус 992 кишиден жаңы аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Вирус жугузуп алгандардын эң көбү Бишкекте (567).
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 27-июндагы маалыматына ылайык, COVID-19 инфекциясынан дагы алты бейтап каза болду. Алардын үчөө Бишкекте, экөө Жалал-Абадда, бирөө Чүйдө катталды. Муну менен илдеттин курмандыктары 1 977 кишиге жетти.
Мурда ооруп жаткандардын ичинен 550 киши сакайып чыкты.
Коронавирус пандемиясы башталган бир жыл аралыгында Кыргызстанда 120 865 киши вирус жугузуп алды. Анын 108 465и сакайды.
Учурда 2 995 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 127 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкектеги стационарларда ачылган 3 миңге чукул орундан 58 керебет гана бош турат. Улуттук хирургия жана шаардык клиникалык ооруканаларда бош орун жок.
Ушул күндөрү коронавирус менен 9352 бейтап алышып жатат. Анын 2 995и стационарларда, амбулатордук дарыланууда (үй шартында) 6 357 бейтап бар.
Министрлер кабинети вирусту жайылтпоо чараларын көрүү үчүн элди жапырт эмдөөгө чакырууда. 27-июндагы маалыматка караганда өлкө боюнча жалпы 106 499 киши эмдөөдөн өттү.
Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын “Sinopharm” жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат.
Кытай препараты май айынын этегинде түгөнгөн. Кыргыз өкмөтү ушул тапта “Sinopharm” вакцинасынын экинчи партиясын күтүп жатат.
Мындан сырткары эл аралык COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери да кабарланган.