Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:16

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:28 1.7.2021

Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында вице-спикери Аида Касымалиева баш болгон бир нече депутаттар өлкөдө коронавирустун тездик менен жайылып жатышына саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди күнөөлөдү. Алар министрлик калкты жапырт эмдөө боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн эмес деп айыпташты.

“Бул жерде министрдин жеке күнөөсү жана шалаакылыгы. Ошондой эле, штабды башкарган жетекчиликтин күнөөсү. Силер алдап жатасыздар, мурда эле вакцинаны алып койсо болмок. Коңшу Өзбекстан, Казакстанды алсак, 6-7 миллион элди эмдөөдөн өткөрдү. Силер жумушту жакшы аткарган жоксуңар, адамдардын өлүмүнө министрдин күнөөсү бар. Аконит деп туруп алды. Ооруп жүрүп жумушка келип алды. Ушунчалык уяты жок адам экен. Аконит деп башты айлантты”, - деди Касымалиева.

Депутаттардын сынына саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев мындай деп жооп берди.

“Индияда пандемия вакцина алганга бир аз тоскоол болду. Анткени, бизге Индиядан өндүрүлгөн вакцина келиши керек эле. Алар алып келүүнү токтотуп койгон үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму башка өлкөдөн суранып жатат. Кээде ар кандай себептер болуп калууда”, - деди министрдин орун басары.

12:29 1.7.2021

Кыргызстан Кытайдан 1,1 млн. доза вакцина алат

30-июнда Министрлер Кабинети Кытай өкмөтү менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасын жеткирүү тууралуу макулдашты.

Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, кытай препараты жакынкы күндөрү Кыргызстанга чартердик каттам менен келет. Ушул эле борт менен Кытайдын гуманитардык жардам катары берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы кошо келет. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, вакцинага каражат бюджеттен каралган.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө 20 миллион доллар берген. Анын тең жарымы грант түрүндө. Калганы 38 жылга 0,75% менен насыя катары берилген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул акчанын 17 миллионуна Кытайдан бир миллион доза вакцина сатып алмай болгон.

12:33 1.7.2021

Дүйнөдө 3 миллиарддан ашык киши коронавируска каршы эмделди

Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны үч миллиарддан ашты. Мындай жыйынтыкка Британия, Орусия жана АКШ баштаган бир нече өлкөдө эмдөө башталган учурдан жарым жыл өтпөй жетишилди. Бирок бардар жана жакыр өлкөлөрдүн ортосунда айырмачылык чоң болууда. Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, эмделгендердин 23 пайызы 27 өнүккөн өлкөгө туура келет. АКШда дүйнө калкынын 4,3 пайызы жашаса, дүйнөдөгү вакцина алгандардын 11 пайыздан ашыгы ушул өлкөлөрдө жашайт. Ал эми дүйнөдөгү эмделгендердин 40 пайыздан Кытайга туура келет.

Ошол эле маалда Африканын көпчүлүк өлкөлөрүндө эмделгендердин саны 1 пайызга жетпейт. Ушундай абал дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө өкүм сүрүүдө.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус эмдөөдөгү мындай теңсиздикке тынчсыздануусун билдирди.

Акыркы күндөрү коронавирустун “дельта” деп аталган жаңы түрү жайылып жатат. Алгач Индияда аныкталган бул вариант мурдагы штаммдарга караганда тез жугарын окумуштуулар эскертүүдө. Буга байланыштуу бир катар өлкөлөр кайрадан карантиндик чараларды киргизип жатат.

12:43 2.7.2021

COVID-19: Жаңы аныкталгандар "кара июлдагы" көрсөткүчтөргө жетти

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 1485 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен он адам каза болду. Бул тууралуу 2-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Каза болгондордун алтоо Бишкек шаарынын, экөө Баткен облусунун тургундары. Жалал-Абад менен Талас облустарынан бирден киши көз жумду.

Жаңы катталгандардын көбү Бишкек шаарына (923), Чүй облусуна (165) жана Ош облусуна (109) туура келет. Калган облустарда 100гө чейинки учурлар катталды.

Өлкөдө былтыр июндун акырында жана июлдун башында ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны дароо эселеп өсүп кеткен. Ал кездеги жоготуулар "кара июль" деген аталыш менен элдин эсинде калган. Эң жогорку көрсөткүч катары 2020-жылдын 15-июлунда 85 адам каза болгону, 19-июлунда илдет бир суткада 1485 кишиден табылганы айтылып жаткан.

2021-жылдын 30-июнунда бир суткада 1965 кишиден вирус жаңы аныкталып бул көрсөткүчтөн ашкан, 2-июлдагы көрсөткүч аны менен тең болду.

2-июлга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 571 адамды түздү.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG