Кыргыз өкмөтү коронавируска каршы эмдөөнү активдештирүү үчүн Кытайдан гуманитардык жардам иретиндеги 150 миң доза вакцинадан тышкары 1 миллион 100 миң даана вакцина сатып алды жана ал Кыргызстанга келерки шейшембиге чейин жеткирилет.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык оперативдүү штабдын төрайымы Жылдыз Бакашова билдирди.
Индияда коронавирустун кесепетинен каза болгондордун расмий саны 400 миңден ашты. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, соңку бир суткада 853 адам көз жумду. Алгач Индияда аныкталган вирустун “Дельта” варианты учурда дүйнөгө тарап жатат. Соңку күндөрү Азиянын бир катар өлкөлөрү чектөөлөрдү күчөтүүдө.
“Дельта” варианттын жайылышынан улам ушул айдын аягында башталчу Жапониядагы жайкы Олимп оюндары күйөрмансыз өтөбү деген коркунуч турат. 2-июлда Yomiuri гезити Олимпиаданын уюштуруучулары спорттук мелдештерге күйөрмандардын киришине тыюу салууну көздөп жатканын жазып чыкты.
Пандемиянын кесепетинен бир жыл кечигип өтүп жаткан Олимп оюндары 23-июлда башталат. Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга мелдештерге көрөрмандарды катыштыруу жана Токио баштаган бир нече аймактагы өзгөчө кырдаалды алуу боюнча чечим кийинки аптада кабыл алынарын билдирди.
Пандемия башталгандан бери COVID-19 вирусунан төрт миллиондой киши каза болгону расмий кабарланды. Бирок Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү иш жүзүндө ковид курмандыктарынын саны эки-үч эсе көп болушу мүмкүн деп эсептешет.
Коронавирустун "Дельта" вариантынан улам Азиядагы бир топ өлкөлөрдө карантин киргизилди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европа COVID-19дун жаңы толкунунан качып кутула албай турганын эскертти.
Коронавирустун тез жайылуучу "Дельта" варианты күч алгандыктан Бангладеште 1-июлдан тартып катаал карантин башталды. 168 миллиондой калкы бар бул өлкөдө дүкөндөр, мамлекеттик кеңселер жабылып, калкка үйдөн чыкпоо тапшырмасы берилди. Эрежелердин сакталышын аскер кызматкерлери жана полиция көзөмөлдөп жатат.
Коронавируска каршы вакцинаны жок дегенде бир дозасын алгандар «Азаттык» камтыган аймакта Венгрияда 57 пайыздан Тажикстан менен Түркмөнстанда 1 пайызга чейин. Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 173 миңден ашык киши эмделди.
Орто эсеп менен алганда дүйнө калкынын 23.7 пайызы коронавируска каршы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алган. Бул жалпысынан 3.13 млрд доза.
Эскертүү: Акыркы маалыматтар 30-июнь, 2021-ж. карата. Бардык сандар тегеректелген.
Кристина Фолтунова. Карлос Коэльо | Булак: New York Times, ourworldindata.org