Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:00

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:17 6.7.2021

Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде 1233 адамдан коронавирус аныкталып, сегиз бейтап көз жумду. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, илдет жуктуруп алгандардын көбү (789 адам) Бишкек шаарында катталды.

Өлкөдө жалпысынан коронавирус болгондордун саны 133 миңден ашып, 2054 бейтап каза болду.

Бир күндүн ичинде коронавирус 30 медицина кызматкеринен табылды. Оору жуктуруп алган дарыгерлердин жалпы саны 5,5 минден ашты.

Ооруканаларда ушул тушта төрт миңден көп бейтап жатат жана 170тен көбүнүн абалы оор. Коронавирус жуккан 12 миңден ашык киши үйүнөн дарыланууда.

12:43 7.7.2021

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ушул аптада Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алынып келерин билдирди. Анын 150 миңин Бээжин жардам ирээтинде бекер берген, калганын кыргыз өкмөтү сатып алган.

“Андан сырткары азыркы тапта дагы ушунча өлчөмдөгү кошумча вакцина сатып алуу жагы каралып жатат”, - деди Бакашова.

Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан дагы вакцина алган.

COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери маалымдалган, бирок анын датасы белгисиз.

Буга чейин Ourworldindata.org сайты дүйнөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн картасын чыгарган. Анда Кыргызстан вакцина жараяны начар жүргөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, 160-орунга жайгашкан.

Кыргызстанда соңку бир күндүн аралыгында коронавирусту 1198 адам жуктуруп алып, тогуз бейтап ажал тапты. Ошентип ооругандардын жалпы расмий саны өлкөдө 134,5 миңге чамалады. COVID-19дан баш-аягы 2063 адам көз жумду.

Бир күндүн ичинде 10,5 миңдей ПЦР анализ алынды.

Ушул тушта ооруканаларда 4253 киши жатат жана 184 бейтаптын абалы оор. Коронавирус болгон 12 миңден көп адам үйлөрүндө дарыланып жатат.

Акыркы бир күндүн ичинде коронавирус 38 медицина кызматкеринен аныкталды жана оору жуктуруп алган дарыгерлердин жалпы саны 5682 болду.

13:38 7.7.2021

13:43 7.7.2021

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда соңку бир сутка ичинде 23 378 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку бир ай ичиндеги эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Июнь айынын башында Орусияда коронавирусту жугузуп алгандардын саны бир күндө 9 миңдин тегерегинде болчу.

6-июлда Москвада COVID-19 илдетинен 737 бейтап көз жумду. Коронавирустун "Дельта" түрү жайылып жатканына карабастан орус бийлиги азырынча катаал карантин киргизилбей турганын билдирүүдө.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги туристтерге байланыштуу эрежелерди өзгөрттү. Ага ылайык, 7-июлдан тартып вакцина албаган же антителасы жок туристтер өлкөгө киргенден кийин үч күндүн ичинде тест тапшырып, анын жыйынтыгы чыккыча изоляцияда болушу керек.

Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталгандан бери Орусияда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 6 миллионго чукулдады. 137 миң жаран COVID-19дан көз жумду. Адистер өпкөнү сезгентүүчү бул илдетке чалдыккандар расмий айтылгандан да көп болушу мүмкүн экенин билдирип келишет.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG