Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 12-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 11 бейтап каза болду.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары 2 113 кишиге жетти.
Вирус акыркы бир суткада дагы 1 330 кишиден аныкталды. Расмий маалымат боюнча, пандемия башталгандан бери инфекцияны 140 978 адам жугузуп алды.
Бир суткада 763 адам айыкты. Жалпы айыгып чыккандардын саны 118 771. Ооруп жаткандар 18 934 деп эсептелди, алардын 4 694ү ооруканада, 14 420сы үйүнөн дарыланууда.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө үчүн 847 пункт ачылды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова өлкөдө калкты жапырт эмдөө башталганын жарыялады.
Коронавируска каршы эмдөө үчүн 847 пункт ачылды. Алардын 599у медициналык мекемелерде, 100ү мектеп, окуу жайлардын имараттарында, 12си чоң соода борборлорунда, 30у базарларда жана 12 мобилдик бригада иштейт.
"11-июлдан баштап вируска каршы массалык эмдөө башталды жана биринчи кезекте, 1 миллион 312 450 адамды түзгөн, тобокел топтор эмделет. Алар медициналык, социалдык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 60 жаштан жогорку жана өнөкөт оорулары бар адамдар, калктын социалдык жактан аярлуу катмары", - деп билдирди Бакашова.
Вакцина акысыз, 18 жаштан улуу бардык жарандар ала алышат.
Эмдөөнү ырааттуу уюштуруу үчүн Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай эл аралык уюмдары 900 ыктыярчыны даярдады. Алар өлкө боюнча убактылуу эмдөө пункттарына барган адамдарды каттоо жана башка иштерге жардам бермекчи.
Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавируска каршы иммунитетин иштеп чыгуу максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырды.
Президенттин администрациясынын, Министрлер кабинетинин жана облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырма берилди.
Мындан сырткары Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги медициналык жана социалдык кызматкерлерди, ал эми Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлерди толук эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылышы керек.
Бардык конфессиялардын диний кызматкерлерине, коомдук тамактануучу жайлардын, соода, тейлөө, транспорт, банк кызматкерлерине жана башка адамдар массалык түрдө топтолчу ишканалардын кызматкерлерине вакциналарды алуу сунушталат.