Бишкек, Чолпон-Ата, Каракол жана Ош шаарында калкты коронавируска каршы эмдөөчү нөөмөт пункттар күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова кабарлады.
Анын айтымында, Sinopharm вакцинасы бүгүн, 12-июлда өлкөнүн аймактарына жеткирилет. Бул үчүн атайын унаа жана вакциналарды сактоочу муздаткычтар каралган.
Калкты тез арада эмдөө үчүн эл көп чогулган парк, аянттарга атайын чатырлар тигилет.
Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 14-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан дагы он бейтап көз жумду. Алардын ичинен Бишкекте беш, Чүй менен Жалал-Абад облустарында экиден, Ошто бир киши каза болду.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 133 кишиге жетти.
Вирус соңку бир суткада дагы 1 398 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 143 668 адамга жетти. Андан 120 731 бейтап айыкты.
Ушул күндөрү 4 675 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 228 бейтаптын абалы өтө оор, 1 358 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келет.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 56 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 012 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын ичинен 5 218и сакайды.
Кыргызстанда 14-июлга карата коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 140 922 адам алды. Экинчи доза менен 84 147 адам эмдөөдөн өттү (вакцина бир адамга эки дозада сайылат, ортодогу аралык үч жума болот).
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган. Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан да Sputnik-V вакцинаcын алган. COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери маалымдалган, бирок анын датасы белгисиз.
Вакцина акысыз, 18 жаштан өткөн бардык жарандар алса болот.
АКШнын Тамак-ашты жана дары-дармекти көзөмөлдөө башкармалыгы Johnson & Johnson вакцинасы менен Гийена-Барре синдрому деп аталган сейрек кездешүүчү неврологиялык илдеттин байланышы бар болушу мүмкүн экенин эскертти.
Ошол эле учурда 12-июлдагы билдирүүдө вакцина бул ооруну козгойбу же жокпу, так белгисиз экени айтылат.
Мындай кадам аталган агенттик жүздөй киши тууралуу отчетторду карап чыккан соң жасалган.
Алардын баарында Johnson & Johnson вакцинасын алгандан кийин неврологиялык синдром өөрчүп кеткени байкалган. Жабыркагандар ооруканага жаткырылып, бир киши көз жумган.