Эмдөө өлкөнүн бардык аймактарында жүрүп жатат. Ал үчүн кошумча пункттар дагы ачылды. "Азаттыктын" кабарчысы Ош шаарында ачылган пункттарга баш бакты.
COVID-19: Ош шаарындагы эмдөө
Бишкекте эмдөө кандай жүрүп жатканын видеодон көрүңүз.
Орусияда акыркы бир нече күндөн бери күнүнө 700дөн ашык киши каза болууда.
Былтыр Кыргызстанда коронавирус күчөп, ооруканаларда бош орун жок калганда бейтаптар үчүн мурдагы "Ганси" аба базасынын ордуна ачылган "Семетей" госпиталы медицианалык талаптарга жооп бербейт.
Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 14-июлда Жогорку Кеңеште айтты. Ал госпиталь ачылган күндө да бейтаптар үчүн шарттар түзүлбөгөнүн, кышкысын жылытуу системасы жок экенин кошумчалады.
“Биздин элде эң чоң трагедия "Ганси" базасындагы ооруканада болгон. Мен муну министр катары ачык эле айтам. Ал жерге көп каражат кетип бирок шарты жок эле ачылган. Ошол жерде адамдар да көп өлгөн. "Ганси" медицианалык талаптарга жооп бербейт”.