Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 2-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан 9 адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2344 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 897 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (619), Чүй (66) жана Жалал-Абад (66) облустарында.
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 164 743кө жетти.
Бир күндө 1316 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3779 адам жатат, дагы 9913 бейтап үйдөн дарыланууда.
Кыргызстандын билим берүү тармагында иштегендердин 54-80% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу 2-августта Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, бала бакчалардын кызматкерлери арасында COVID-19га каршы вакцина алгандар бүгүнкү күндө 80%, мектептерде 70-80%, кесиптик билим берүү мекемелеринде 60%, жогорку окуу жайларда 54,5% жетти. Кээ бир мекемелерде эмделгендер жамааттын 100% түзүүдө.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы саны 2-августка карата 574 миңден ашты. Ооруну жугузуп алгандардын расмий катталган саны 165 миңге, каза болгондор 2344 адамга жетти.
Учурда республиканын бардык аймактарында "Спутник V", Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар.
Мамлекеттик окуу жайлардын жана бала бакчалардын көбү, айрыкча Бишкектегилер коронавируска байланыштуу 2020-жылдын март айында жабылгандан бери ачыла элек. Окуу аралыктан жүрүп жатты.
Мектептерди ачып, балдарды реалдуу шартта окутууга өтүү ыктымалдыгы боюнча маселе мугалимдердин “Август кеңешмесинде” талкууланат. Бул тууралуу 2-августта Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди:
“Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирге “Август кеңешмесине” даярдык жүрүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин мектептердеги реалдуу шартта окууга даярдыгы каралууда”.
Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек. COVID-19 жуккан адамдар боюнча расмий статистикада Бишкек биринчи орунда турат, өлкө боюнча бул вирус дээрлик 165 миң кыргызстандыкка жукту, алардын 2,3 миңден ашууну каза болду.
Кыргызстанда быйыл коронавирустан каза болгондордун 13 пайызы боор илдети өтүшүп кеткендиктен көз жумду. Бул тууралуу 2-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиолог дарыгени Султан Султанбаев билдирди:
“Жыл башынан бери коронавирустан 945 адам каза болду. Алардын 121и боорунун илдети өрчүп кеткенине байланыштуу көз жумду. Бул каза болгондордун 13 пайызы”.
Коронавирустан эмдөө коргой турганын кошумчалаган Султанбаев вирустук гепатитке чалдыккан адам вакцинаны боорунун оорусу айыккандан кийин гана же илдеттин белгилери жок кезде алышы керек. Гепатит оорусу күчөп турган учурда, боорун алмаштыргандар же бул органдын өсмө илдетине чалдыккандарга вакцина алган болбойт.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 2-августка карата расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда бул инфекция дээрлик 165 миң адамга жукту, алардын 2,5 миңдейи каза болду.