Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:53 2.8.2021

Германияда пандемиядан улам демонстрация өткөрүүгө тыюу салынганына карабай Берлинде миңдеген адамдар коронавируска каршы чектөөлөргө нааразы болуп көчөгө чыгышты. 1-августтагы акция учурунда полиция айрым демонстранттар офицерлерге кол көтөрүп, жол белгилерин жылдырганын билдирди.

13:48 3.8.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 3-августтагы маалыматына караганда, Кыргызстанда бир суткада инфекциядан дагы 10 адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2354 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 797 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (445) жана Чүй облусунда (123).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 165 540 адамга жетти.

Бир күндө 1794 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3493 адам жатат, дагы 9174 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

13:49 3.8.2021

2-августтан баштап Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаары баш болгон беш шаарда коронавирус чектөөлөрү күчөтүлдү. Буга өлкөдө вирусту жугузуп алгандардын саны кескин көбөйгөнү себеп болгон.

14:00 4.8.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 4-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы тогуз адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2363 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 696 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (339) жана Жалал-Абад облусунда(89).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 166 236га жетти.

Бир күндө 1681 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3393 адам жатат, дагы 8270 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG