Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

СOVID-19: Германияда чектөөлөргө каршы акциялар өттү


Германиядагы акциялар
Германиядагы акциялар

Германияда пандемиядан улам демонстрация өткөрүүгө тыюу салынганына карабай Берлинде миңдеген адамдар коронавируска каршы чектөөлөргө нааразы болуп көчөгө чыгышты. 1-августтагы акция учурунда полиция айрым демонстранттар офицерлерге кол көтөрүп, жол белгилерин жылдырганын билдирди.

Полициянын маалыматы боюнча, митингге 5000дей адам катышты. Алардын ичинен коомдук тартипти бузган 600дөй демонстрант кармалды. Бул күнү Германиянын башка шаарлардын да акциялар өттү.

Демонстрациялар өткөн дем алыштарга пландалган Querdenker кыймылынын чектөөлөргө каршы митингине сот тыюу салган соң башталды. Сот акциянын катышуучулары аралыкты сактабай, беткап тагынуу эрежелерин бузат деген негиз менен өз чечимин негиздеген эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG