Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Таалайбек Сарыбашов Бишкек мэриясынын жамаатына тааныштырылды


Таалайбек Сарыбашов
Таалайбек Сарыбашов

Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Сарыбашовду бүгүн, 2-августта президенттик администрациясынын уюштуруу-текшерүү иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жалалов мэриянын жамааты менен тааныштырды.

Мунун алдында Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэрлик кызматынан бошотулган. Анын ордуна президенттик иш башкармалыктын башкаруучусу Алмаз Мамбетов дайындалды, ал дагы 2-августта расмий тааныштырылды.

Алмаз Мамбетов менен Таалайбек Сарыбашов кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдиришти.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Жаңы чакырылыштар өз сессиясында президент сунуштаган мэрлерди шайлап, же четке кагышы керек.

11-июлда өткөн кайра шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине алты партия өткөн. Алар: "Эмгек", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Социал-демократтар". Ош шаардык кеңешине шайлоодо төрт партия: “Ата-Журт Кыргызстан”, “Биздин Кыргызстан”, “Улуттар Биримдиги”, “Бир Бол” утуп чыккан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG