Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

14:16 9.9.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 9-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча эки киши каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2563 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 104 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 176 883 адамга жетти.

Бир күндө 137 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 698 адам жатат, дагы 1122 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 171 048​ киши.

14:18 9.9.2021

9-cентябрга карата эмделгендердин саны

14:21 9.9.2021

Коронавируска каршы эмделгениңизди тастыктай турчу санарип сертификатты кантип алса болот. Толук видеодон көрүңүз.

11:48 10.9.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 10-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан үч киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2566 адамга жетти.

Соңку бир суткада вирус дагы 100 адамдан аныкталды. Алардын 49у Бишкек шаарында, 20сы Чүй облусунда катталган. Ысык-Көлдө 11 киши инфекция жуктуруп алса, Ош шаарында катталган эмес. Калган аймактарда жаңы учурлар 2-5 кишиден аныкталды. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19ду жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 983 кишиге жетти.

Алардын 690у ооруканада жатат, дагы 1094 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 132 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 180 киши.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG