10-сентябрга карата эмделгендердин саны.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 14-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.
Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2576 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 82 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 308 адамга жетти.
Бир күндө 127 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 605 адам жатат, дагы 1016 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 171 650 киши.
14-сентябрга карата эмделгендер боюнча маалымат.
15-сентябрдан тартып Республика боюнча билим берүү уюмдары (мектепке чейинки, мектеп, мектептен тышкаркы, кесиптик билим берүү уюмдары, жогорку окуу жайлары) салттуу режимде иштеп баштайт. Бул боюнча мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди.
“2021-2022-окуу жылында билим берүү уюмдарында пандемия шарттарында окутуу-тарбиялоо процессин уюштуруу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан, ар бир билим берүү деңгээлинде атайын Нускама, Алгоритмдер иштелип чыкты. Ага ылайык, билим берүү уюмдары менчигинин түрүнө жана формасына COVID-19 жайылышын алдын алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылууга, ошол эле учурда тарбиялануучулардын, окуучулардын, персоналдын, мугалимдердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо жана ден соолугун коргоо боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш”, - деди Касымова.