Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Өзбек бийликтерине алданган аялды соттоп жатышат


Жоолугун башынан түшүрбөгөн Дилором сотко жалаңбаш келгенге мажбур болду
Жоолугун башынан түшүрбөгөн Дилором сотко жалаңбаш келгенге мажбур болду

Өзбекстанда ушул аптанын бейшембисинде Дилором Абдукодировага каршы сот иши башталды. Аны 2005-жылкы Анжиян окуясынын катышуучусу катары "өлкөдө төңкөрүш жасаганга далалат кылды" деп айыпташууда. .

Ал Австралияда жүргөн кезинде бийликтер ага эч кандай коркунуч жок деп, жалган маалымат менен мекенине чакырышкан эле.

Дилором Абдукодирова Өзбекстанда 2005-жылдын май айында болгон Анжияндагы кыргындан кийин, өлкөдөн качып, Австралияга кетип калган эле. Бирок анын өмүрлүк жолдошу мекенинде калган экен. Коопсуздук кызматтарынан басым болгонбу, айтор, анын күйөө Дилоромго улам телефон чалып: “Өзбекстанга кайтып келе бер, эч ким сени айыптабайт экен. Менин Улуттук коопсуздук кызматындагы тааныштарым ошентишти”, - деп акыр аягында көндүрөт.

Дилором быйыл январда келгенден кийин эмне болгонун анын азыр Австралияда калган иниси Мухаммаджон Муминов айтып берди.

"Эжемди туугандарыбыз Ташкенге барып, тосуп алышты. Аны аэропортто эле кармап, сурай башташкан экен. Анан биздин туугандар коопсуздук кызматындагы таанышына чалып: “Эмне үчүн булар кармап атышат?” деп сурашканда, ал киши аэропорттогулар менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эжемди бошотуу керектигин айтты. Аэропорттогу күзөтчүлөр: “Бул аял биздин тизмеде бар экен. Азыр көпкө кармабайбыз, бир-эки суроо гана беребиз”, - деп жооп беришет. Кийин алар эжемди ал жерде 3-4 күн кармап, анан гана бошотушту. Дилором эжем үйүнө барып, 10-15 күн бала-чакасы менен болду. Бирок ошондон тарта аймактык, райондук, анан шаардык укук коргоо башкармалыктарына чакырып, кийин такыр эле кармап коюшту, - деди Дилором Абдукодированын иниси.

“Азаттык” бул маселе боюнча Анжиян облустук сотуна да кайрылып, комментарий сурады. Бирок алар бизге маалымат берүүдөн баш тартышты.

Ар кайсыл мамлекеттердеги өзбек качкындарынын башын бириктирген “Анжиян – Акыйкаттык жана Кайра жаралуу” деп аталган уюмдун өкүлү Нурилло Максудов “Дилором Абдукодирова Өзбекстандын коопсуздук кызматтарынын тозогуна түшүп калды” деп билдирди. Анын айтымында, алар Дилоромду Өзбекстанга азыр барбай турууга көндүрө албай коюшкан.

"Биз андай аракет көрдүк. Өзбекстанда Дилоромдун өзүнө коркунуч бар экенин биз анын өзүнө да айтканбыз. “Мындай жагы бар. Биз аны сезип турабыз. Өкмөт сизге тийбейбиз деп убада кылганына ишенбеңиз. Анткени ал бир да убадасын аткарган эмес”, - деп айтканбыз. Бирок, менимче, ал улам эле жолдошу телефон чалып: “Келе бер, сага коркунуч жок” дей бергенине ишенип калды окшойт, - дейт “Анжиян – Акыйкаттык жана Кайра жаралуу” деген уюмдун өкүлү Нурилло Максудов.

“Биз эми башка адамдардын Өзбекстанга кайтышына жол бербейбиз. Ал жакта бийлик алмашканга чейин, бир чымын да Өзбекстанга кирбейт”, - деп ызаланды Максудов.

Ушул аптанын бейшембисинде Абдукодировага каршы сот иши башталды. Жакын туугандарынын айтымында, дайыма башынан хижабын түшүрбөгөн Дилором бул ирет сотко жалаңбаш келиптир. “Мусулманчылыкты катуу карманган Дилором оңой менен жоолугун таштачу эмес, демек, аны ушул жолго барууга мажбурлаган жүйөө бар окшойт”, - деген туугандары, Абдукодированын көздөрүнүн айланасы көгөрүп, шишиктер байкалганын айтышты. Ошондуктан ал түрмөдө кыйноолорго алынган болушу мүмкүн, деп жатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG