Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Диний концепция талкууда (видео)

Бишкекте жаңы диний концепция талкууланып жатат.

Буга чейин президент Садыр Жапаров "2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.

12:35 26.10.2021

Нурлан Исмаилов: Мага азыр Конституциядан светтик деген түшүнүктү алып салуу керек деп кайрылгандар бар. Мен айтар элем, светтик түзүлүш бул динге керек. Диний уюмдар бийликке келгенде биринчи кезекте ошол эле дин өкүлдөрү жабыр тартарын Египеттин мисалы көрсөттү. Дин саясатка аралашканда өзүнүн тазалыгын сактай албайт. Мамлекеттин диний ишмердүүлүккө кийлигишкени да дин уюдарды саясатка аралашуусуна түртүп жатат.

10:52 26.10.2021

Тойгонбай Абдыкаров: Бүгүнкү жыйындын максаты - "2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын"​ талкуулоо.

10:47 26.10.2021

Сүйүнбек Касмамбетов: Юдахин 1932-жылы эле кыргыздардын сөздүгүн түздү. Шубин кыргыздын күүлөрүн нотага салып сактап калды. Мурдагы муундар биздин жерибизге таза ниет менен келген. Концепциянын маңызы - улут аралык мамиле бекем болушу керек.

10:32 26.10.2021

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кыргыздын каада-салты, дүйнө таанымы тууралуу айтып жатат.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG