Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Орусия менен Британия кайым айтышты


Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

Сирия маселеси боюнча Орусия-Британиянын пикири келишпей, британ тышкы иштер министри Борис Жонсондун сөзүнө орус тарап жооп кайтарып, кайым айтыш уланды.

Британия тышкы иштер министри Борис Жонсон 11-октябрда парламентте адамдарды Лондондогу Орусия элчилигинин алдында согушка каршы акцияларды өткөрүүгө чакырган. Анын алдыга жайган жүйөсү булар:

- 19-сентябрда Улуттар Уюмунун жардам жүктөгөн кербени Алеппого жакын жерде жок кылынып, кеминде 20 киши өлдү. Ал унаалардагы белгилер так болчу. Коштоочулар да ошол эң зарыл жардамды жеткирүү үчүн Асаддын режиминен расмий уруксат алышкан. Интернеттеги спутниктен тартылган сүрөттөр кербен караңгы киргенде, аба соккусунан жок кылынганы шек жаратпайт. Орусия Сирия учактары караңгыда чабуул кое албайт деген. Ошол эле Орусиянын эсебинде, орусиялык учуучу аппарат ошол кезде ал жерге жакын болгон. Бардык маалыматтар ал мыкаачылык үчүн Орусия жоопкер экенин көрсөтүүдө.

Жонсон Орусия террордук уюмдарга чабуул коюуну бетке кармап, Сирия президенти Башар Асадга саясий каршылаштарынын көзүн тазалоого көмөк көрсөтүүдө дейт:

- Орусия Алепподогу зомбулугун "Жабхат-ан-Нусра" же болбосо "Фатех ал-Шамды" сүрүп чыгаруу гана деп актоодо. Алардын террорист экенинде эч кимдин күмөнү жок. Бирок, алардын шаарда болушу 275 миң бейкүнөө адамдарга да чабуул коюу керек дегенди билдирбейт. Ылгабай эле чабуулга өтүүнү да актабайт. Мен Стеффан де Мистуранын орустар "Жабхат-ан-Нусраны" алиби катары колдонбошу керек дегенин колдойм.

Мурдараак эле Улуттар Уюмунун Сириядагы атайын өкүлү Стеффан де Мистура "Жабхат-ан-Нусра" террордук уюмунун 900 жоокери үчүн Алеппону толук талкалоо жетиштүү негиз эмес деген. Ал ошондой эле бомбалоону тезинен токтотууну талап кылган.

Борис Жонсон Орусия президенти Владимир Путин эл аралык коомчулукту укпай, агрессиялык тышкы саясатын улантуу менен улуу Орусияны элден чыгарат деген ой айтты. Ушундан улам Жонсон Асад режимине де, Орусияга да санкцияларды күчөтүүнү сунуштады.

Борис Жонсон Лондондун мурдагы мэри. Жаңы өкмөттүн катарында Тышкы иштер министрлигин жетектеген британиялык таасирдүү саясатчы акыркы убакта Москванын Сирия жана Украинадагы аракеттерине эң активдүү каршылык көрсөткөндөрдүн катарына кошулду.

Орусия билдирүүлөрдү жоопсуз калтырган жок. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова муну уят иш дейт:

- Бул уят. Анткени орус элчилигинин алдына түрдүү шылтоолор менен чыккан жарандык коом жана кыймыл деп аталган уюмдардын артында ким турары ачык көрүнүп калды. Алардын артында Борис Жонсон өңдүү аткаруу бийлиги турат.

Бул арада Орусиянын аба күчтөрү бир нече күндүк жымжырттыктан кийин Алепподогу жогоруда сөз болуп жаткан аймакты кайрадан бомбалай баштады. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы уюму мындан кеминде сегиз адам өлгөнүн билдирди.

10-октябрда Путин Париж сапарынан баш тарткан. Буга француз президенти Франсуа Олланддын аны менен Сирия маселесин гана талкууларын, бирок андан деле майнап чыгарынан күмөн санап жатканын айтканы негиз болгон.

Андан мурдараак АКШ карапайым адамдарды бомбалап жатат, жаңжалды жөңгөрүүдө кепке келбеди деп Орусия менен Сирия кризисин чечүү боюнча келишимден чыккан.

Орусия Сирияда террордук топторго гана сокку уруп жатканын айтып, карапайым адамдарга карата чабуулдарын мойнуна албай келет.

БУУнун маалыматында, Сирияда согуш башталгандан бери 250 миң адамдын өмүрү кыйылды. 5 миллионго жакын киши жандын амандыгын тилеп, мекенинен сыртка бозду. Дагы 6,5 миллиондойу Сириянын ичинде тынчыраак жактарга качууда.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG