Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Диндарга жакпаган “Бачата” бийи


Флешмобдон бир көрүнүш
Флешмобдон бир көрүнүш

Бишкекте уюштурулуп келаткан социалдык бийлер кечесинин эки күн мурда өткөн акыркысы социалдык тармактарда талаш-тартыштар менен коштолгон талкууга жем таштады. Бийге каршы болгондор ачык асман алдында уюштурулган иш-чараны светтик исламофобдордун кылганы деп, аны токтотууга аракет кылышты.

Ачык асман алдында өтүп жаткан флэшмобдо “Сальса”, “Бачата”, “Кизомба” социалдык бийлери тартууланып, жаштарга устаттык саат өтмөк. Аңгыча жигиттердин бири алып баруучунун үн күчөткүчүн алып, ал бий кыргыз элинин улуттук жана диний көз карашына туура келбей турганын айта баштады:

- Булар аталган бийди эң сонун кыймыл деп айтып жатышат. Мен үчүн эң сонун кыймыл – бул Алланын ыраазычылыгы үчүн саждага маңдай тийгизип намаз окуу. Ал эми бул атасы, апасы башка адамдардын бири-бири менен жакын туруп бийлегени, бири-биринин жамбашынан кармаганы туура эмес.

Бул “Бачата” бийине каршы чыгып, ага өзүнүн нааразычылык билдирип жаткан жарандын айтканы. Аталган видео учурда Азат Аманов аттуу колдонуучунун Facebook баракчасына коюлуп талкууланууда. Биз видеонун автору менен байланыша албадык.

“Дил жолу” кыймылынын жетекчиси Улан Орозбаев флешмобдогу бийди кунт коюп карап чыккан экен. Ал бизге аталган бийден эч кандай уяттуу көрүнүш байкабаганын айтып, бул жерде видеонун автору ислам динине жамынып коомчулукка чагым салуу аракетин көргөн деген пикирин билдирди:

- Видеонун автору бий кечесин уюштургандарды жана катышуучуларды, ошонун ичинен Роза Отунбаеванын демилгелери фондун да исламофоб деп атап жатат. Чындыгында биз аталган тасмадан ислам динине каршы бир дагы белгини байкай алган жокпуз. Анан да ыйык Куранда жараткан Алла “бийлебе, музыка укпа” деп эч кайсы аятта айткан эмес. Жөн гана ар бир адам адептүү болуп, уяттуу нерселерден алыс болушу керек.

“Дил мүрөк” адеп-ахлак борборунун жетекчиси Өзбек ажы Чотонов болсо аталган флешмобго каршы чыккан тарапты колдойт. Ал Кыргызстан балет искусствосун таптакыр четке кагыш керек деген пикирде.

- Мен, мисалы, балетти маданият деп эсептебейм. Анткени, бул жерде артисттер жарым жылаңач оюн көрсөтөт. Аялдар этегин жаппаган кичинекей эле бир нерсе кийип жүрүшү керек. Муну кантип маданият деп айтканга болсун? Түркмөнстан сыяктуу эле балетке тыюу салыш керек.

Чотонов кыргыз эли эч качан бийлебегенин айтып, өнөр адамдары өз чыгармаларын диний чен-өлчөмгө ылайыктап жазышы зарыл деп эсептей турганын кошумчалады.

Эл жазуучу Асан Жакшылыков учурда кыргыз коомундагы маданий баалуулуктар ыдырап, айрыкча жаштардын диний түшүнүктөргө чектелип калганына кейип жүргөн маданий ишмерлердин бири:

- Жалпы адамзаттын маданияты жалгыз эле кыргыз маданиятынан турбайт. Арабдын, Европанын маданиятынан турбайт. Ошондуктан бир элдин маданиятынын экинчи бир элдин маданиятынын үстүнөн үстөмдүк кылууга кымындай да акысы жок. Ар бир эл өзүнүн маданий жолу менен өсүп өнүгөт. Кудайды эч ким менчиктештирип алганга укугу жок. Диндердин эң чоң талап кылган нерсеси – сабырдуулук. Ошондуктан, адамзат кайсы бир маданиятка үстөмдүк кылбай сабырдуулук кылганга көнүш керек.

Жакшылыковдун айтуусунда, кайсы бир элдин маданияты, адабияты, дини жалпы адамзаттын көркөм мурасы болуп эсептелет. Аны бири-бирине карама-каршы коюу туура эмес.

“Бачата” дүйнөгө Латын Америкасынан тараган бийлердин бири. Адистердин айтымында, бий мүнөзү жагынан шайыр, кыймылдуу, жеңил. Аны көңүл ачуу үчүн бардык курактагы адамдар бийлешет.

Бишкекте өткөн “Бачата” социалдык бий флешмобу Роза Отунбаеванын демилгелер фонду жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өттү.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG