Орусиянын жапырт чабуулдарынан кийин Украинанын Энергетика министрлиги Киевде, Чернигов жана Житомир облустарында электр энергиясына авариялык өчүрүүлөр киргизилгенин билдирди. Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий Орусия өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасына системалуу жана масштабдуу соккуларды кайрадан баштаганын жарыялады.
"Жайдан баштап энергетикалык инфратүзумдөргө сокку урулбаган бир дагы күн болгон жок. Бирок ушундай масштабдуу жана комбинацияланган чабуул өткөн жылуулук сезонунан бери боло элек болчу", - деди ал.
Киевден 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Триполье жылуулук электр станциясынын жабдуулары да зыян тартты. Ошондой эле электр берүү линияларына дрон чабуулу тууралуу тартылган видеотасмалар интернетте пайда болду. Украинанын президентинин тышкы кеңешчиси Сергей Бескрестновдун айтымында, Орусия жаңы түрдөгү ок-дарыны биринчи жолу колдонду.
"Бүгүн каршылаш тарап реактивдүү учкучсуз учуучу аппаратта биринчи жолу атайын ок-дарыны - кумулятивдик кесүүчү дүрмөттү (КРСН) колдонду. Ок-дарынын бул түрү жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү мунараларды жана көпүрөлөрдүн металл конструкцияларын талкалоо үчүн атайын иштелип чыккан", - деп жазды ал.
Бескрестновдун божомолунда, Москва жаңы ок-дары менен электр берүү линияларына сокку урууну пландап жатат.
Украинанын энергетикалык объектилерине сокку күздүн алгачкы суук күндөрүнө бир күн калганда жасалды. 1-октябрдын түнү айрым райондордо абанын температурасы 0дөн төмөн болору айтылган.
30-сентябрда эртең менен Молдованын полициясы өлкөнүн аба мейкиндигин учкучсуз учак бузуп киргени тууралуу маалымат таратты. Мекеменин маалыматына караганда, дрон саат 05:40тар чамасында байкалып, кийинчерээк Анений-Ной аймагына кулап түшкөн.
Күндүз Молдованын Коргоо министрлиги дагы бир реактивдүү дрон тууралуу билдирди. Маалыматка ылайык, ал өлкөнүн аба мейкиндигине чыгыш тараптан, жикчил Приднестровье аймагы аркылуу кирген.
Коргоо министри Анатолий Носатый бул аба мейкиндиги бузулган 84-учур экенин жарыялады.
"Орусия биздин жарандарыбыздын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Алар Днестрдин кайсы тарабында жашабасын жана кайсы тилде сүйлөбөсүн, айырмасы жок", — деди Носатый.
Кечинде бийлик ушул эле күнү өлкөнүн аба мейкиндиги үчүнчү жолу бузулганын кабарлады. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, дрон Орусиянын Украинага жапырт чабуулдары жүрүп жаткан учурда, саат 20:45 чамасында Молдованын чек арасынан өткөн.
Дрондорго байланыштуу молдован бийлиги өлкөнүн аба мейкиндигинин борбордук бөлүгүн убактылуу жапты.
30-сентябрга караган түнү Орусиянын Украинанын борбору Киевге жана анын айланасына жасаган ракета, дрон чабуулдарынан кеминде үч адам каза болуп, төрт киши жараат алды.
Курмандыктардын арасында Киевдин жанындагы Вышгород шаарында үйдүн урандылары астынан табылган бир бала бар.
Киев шаардык аскердик администрациясы менен мэр Виталий Кличконун маалыматына караганда, ракеталык соккулардан кийин шаардын бир катар райондорунда өрт чыккан. Святошино районунда жеке турак үйлөр күйүп, Голосеев районунда кампа өрттөнгөн. Оболонь районунда дүкөндөн өрт чыккан. Ал эми Соломенка районунда кампа имаратына сокку тийгени кабарланды.
Кличко борбор калаанын Шевченко районундагы батыш өлкөлөрүнүн элчиликтеринин биринин аймагынан да ракетанын сыныктары табылганын билдирди.
Украинанын Аскердик-аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия түн ичинде Украинага каршы "Циркон"/"Оникс" ракеталарын, "Искандер-М"/С-400 баллистикалык ракеталарын жана 188 сокку уруучу учкучсуз аппаратты учурган. Алардын 86сы реактивдүү дрон болгон.
Украинанын абадан коргонуу күчтөрү беш баллистикалык ракета жана 155 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Негизги сокку Киевге жана Киев облусуна багытталган.
Мындан тышкары шейшемби күнү кечинде орус дрондору Харьковдун үч районуна да чабуул жасаган. Шаар мэри Игорь Тереховдун айтымында, автоунаа жана жеке үйдүн терезелери жабыркап, бир бала катуу стресске кабылган.
Украинанын бир катар аймактарында, анын ичинде Киевде жана коңшу облустарда эң жогорку деңгээлдеги аба коркунучу режими жарыяланган бойдон турат.