Орусиянын аскерлери 4-ноябрга караган түнү Украинанын бир нече облусуна сокку урду.
Днепр шаарында эки адам каза болгонун Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдирди. Анын айтымында, дагы 21 адам жаракат алды, алардын үчөө оор абалда.
Дагы беш киши Любимовка жамаатында жабыркаган. Никополь районунда 10 адам жаракат алып, бири оор абалда ооруканага жаткырылды. Кривой Рог районунда эки киши жабыркады.
Донецк облусундагы Ясногорка кыштагында куткаруучулар Орусиянын соккусунан кыйраган жер үйдүн урандыларынын алдынан каза болгон аялдын сөөгүн алып чыгышты. Дагы беш адам жаракат алды. Орусиянын аскерлери кыштакка төрт авиациялык бомба таштап, 16 жеке турак үйдү кыйратканын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Киев облусундагы Хотов айылында орусиялык дрондун чабуулунан 2012-жылы туулган бала каза болду. Анын апасы жаракат алган.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, түн ичинде Орусиянын аскерлери Украинага 310 сокку уруучу учкучсуз аппарат учурган. Аба чабуулунан коргонуу күчтөрү алардын 272син атып түшүргөн.
Орусия Украинага күн сайын чабуул коюп келет. Орусиянын Коргоо министрлиги бутага аскердик объектилер гана алынарын айтып, жарандык жайларга сокку урулуп жатканын, согуш башталган 2022-жылдын февралынан бери миңдеген кишинин канына забын болгонун моюнга албайт. Кремль жай тургундардын өлүмү жана жарандык инфраструктуранын кыйрашы боюнча да комментарий бербейт.
Украинанын учкучсуз учактары 4-ноябрга караган түнү Ozon компаниясынын Адыгейск шаарындагы логистикалык борборуна сокку урду. Бул тууралуу аталган маркетплейстин басма сөз кызматы билдирди.
Компаниянын маалыматына ылайык, борбордун бардык кызматкерлери алдын ала эвакуациялангандыктан, жабыркагандар болгон жок. Чабуулдан кийин өрт чыгып, учурда окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери иштеп жатышат.
Маркетплейс логистикалык борбордо сакталган товарлар сайттан убактылуу алынарын, аларга буйрутма берүү мүмкүн болбой турганын эскертти. Айрым буйрутмалар жокко чыгарылса, кээ бирлери башка кампалар аркылуу жеткирилет.
Адыгэ Республикасынын башчысы Мурат Кумпилов Ozon объектисиндеги өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана куткаруучулар тартылганын маалымдады. Анын айтымында, Теучеж районундагы Петров хуторунда учкучсуз учактын сыныктары газ түтүгүн жана жеке үйлөрдүн биринин терезелерин талкалаган. Газдын агышы токтотулуп, жабыркагандар катталган эмес.
Украинанын Supernova+ мониторинг каналы аннексияланган Крымдагы "Гвардейское" аэродромуна жана Орусия көзөмөлдөгөн Донецкидеги Шахтёр көчөсүндө жайгашкан "Феникс" дата-борборуна да чабуул болгонун кабарлады. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек.
Украин Куралдуу күчтөрү Орусиянын аскерлери Украинага каршы колдонгон "Шахед" дрондорун негизинен "Гвардейское" аэродромунан учуруларын маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги түндө Белгород, Брянск, Курск, Калуга, Тула, Рязань, Орёл, Воронеж, Саратов, Самара жана Ростов облустарынын, Краснодар крайынын, Москва аймагынын, аннексияланган Крымдын жана Адыгеянын үстүнөн, ошондой эле Азов жана Кара деңиздеринин акваторияларында жалпысынан 709 украиналык учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орусиянын аскерлери Харьков шаарынын Немышлян районундагы оорукананын аймагына сокку урду. Бул тууралуу Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов кабарлады. Акыркы маалыматтарга караганда, 73 адам жабыркады. Алардын арасында бейтаптар, медицина кызматкерлери жана жакын жердеги үйлөрдүн тургундары бар. Ооруканадан 226 бейтап эвакуацияланды.
Прокуратура оорукананын имараттарынын терезелери талкаланып, бөлүмдөрүнүн бири жабыркаганын тактады. Мындан тышкары дагы бир медициналык мекеме, лаборатория, 10 кабаттуу турак жайдын терезелерине жана 13 автоунаага зыян келтирилген.
Шаардын айрым бөлүктөрүндө жылуулук жана ысык суу берүү токтотулду. Харьков метрополитени электр тармактарындагы чыңалуу туруксуз болуп жаткандыктан, поезддердин жүрүү тартиби өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Днепр шаарына жасалган соккудан 17 адам жабыркаганын облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ганжа билдирди. Инфраструктура объектилери, турак жайлар жана административдик имараттар жабыркаган. Мындан тышкары орус аскерлери Кривой Рог районундагы инфраструктурага да сокку урган.
Днепр шаарынын мэри Борис Филатовдун айтымында, ракеталардын бири улгайган адамдарга паллиативдик жардам көрсөткөн хосписке тийген.
«Талкаланган хоспистеги айыккыс дартка чалдыккан 50гө жакын бейтап учурда шаардагы башка ооруканаларга көчүрүлүп жатат. Алардын эң улуусу 90 жашта», - деп жазды ал.
Филатовдун айтымында, хоспис жакында эле оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бул мекеме Днепр шаарынын тургундарына жана жер которуп келген адамдарга ушундай багыттагы медициналык жардам көрсөткөн шаардагы саналуу жайлардын бири болчу.
Винница облусунда энергетикалык объектилер жана электр берүү линиялары жабыркагандыктан, калктуу конуштардын басымдуу бөлүгү электр жарыгысыз калды.
Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, Винница облусундагы Ладыжин жылуулук электр станциясына, Днепропетровск облусундагы Кривой Рог жана Приднепровск жылуулук электр станцияларына сокку урулган.
Ошондой эле Харьков облусундагы Харьков жылуулук электр станциясы, Змиевская жана Лосево электр көмөкчордондору, Одесса облусундагы Килия портунун инфраструктурасы жана эки жүк ташуучу кеме бутага алынганын Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Украинанын Запорожье облусундагы Камышеваха кыштагына жасалган Орусиянын аба соккуларынан каза болгондордун саны 29га жетти. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Михаил Семикин билдирди.
Анын айтымында, дагы беш адам жараат алып, 48 киши дайынсыз болуп жатат. Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда.
Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий чабуул гуманитардык жардам таратылып жаткан мектепке атайын жасалганын билдирген. Анын айтымында, биринчи аба соккусунан кийин адамдар баш калкалоочу жайга киргенде, ал жайга дагы тогуз авиабомба ташталган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Камышевахадагы чабуул боюнча азырынча комментарий бере элек.
Украинанын Улуттук полициясы тараткан билдирүүдө курман болгондордун көбү гуманитардык жардам алуу үчүн келген жай тургундар жана биринчи соккудан кийин жардам көрсөтүүгө келген адамдар экени айтылат.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматтын маалыматына ылайык, каза болгондордун арасында эки куткаруучу жана төрт полиция кызматкери бар.
Камышеваха кыштагы Запорожье шаары менен фронт тилкесининн ортосунда жайгашкан. Украина бийлиги чабуулду жарандык объекттерге каршы жасалган сокку катары баалоодо.