Украинанын бийлиги 2-ноябрда Орусиянын күчтөрү Запорожье облусундагы Камышеваха конушуна абадан сокку урганда каза болгондор 26га жеткенин, бир нече киши жараат алганын кабарлады.
Украин президенти Владимир Зеленский бул окуяны “карасанатайлык менен жасалган террордук акт” деп атап, сокку гуманитардык жардам таратылып жаткан мектепке жана андагы баш калкалоочу жайга багытталганын айтты.
Анын сөзүнө караганда, Камышеваха күнү бою бир нече жолу бомбаланган. Алгачкы аба соккусунан кийин дагы тогуз бомба ташталып, жергиликтүү тургундар баш калкалап жаткан жай бутага алынган.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы каза болгондордун арасында төрт полиция кызматкери жана эки куткаруучу бар экенин билдирди. Беш киши ооруканада дарыланууда. Кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда.
Зеленский Орусия гуманитардык жардам дал ушул жайда таратыларын билгенин айтып, мындай чабуулдар Москва согушту токтотууга кызыкдар эмес экенин көрсөтөрүн белгиледи.
Орусия азырынча бул маалымат боюнча расмий комментарий бере элек. Москва жарандык объектилерге сокку урбай турганын билдирип келет. Бирок өткөн жумада БУУнун Украина боюнча көз карандысыз иликтөө комиссиясы Орусиянын жарандарга жана энергетикалык инфраструктурага каршы аракеттерин согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар катары баалаган.
Ошол эле күнү Украина бийлиги Сумы облусунда дагы бир адам орус чабуулунан каза болгонун, ал эми Харьков облусунда 19 киши жаракат алганын маалымдады.
Мындан тышкары Зеленский украин чалгын кызматы Орусия жаңы ири чабуулга даярданып жатканын аныктаганын билдирди. Анын айтымында, негизги бута энергетикалык жана логистикалык инфраструктура болушу мүмкүн.
Украин президенти АКШдан Patriot абадан коргонуу системалары үчүн кошумча ракеталарды тез арада берүүгө чакырып, мындай курал өлкөнүн энергетикалык объектилерин коргоо үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. Ал эгер Вашингтон Patriot ракеталарын берсе, Киев белгилүү мөөнөткө Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтото аларын да айтты.
30-октябрда АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинага 2,1 миллиард долларлык Patriot системаларынын ракеталарын сатууга уруксат берген. Бирок Зеленский бул ракеталардын толук жеткирилиши бир нече жылга созулушу мүмкүн экенин эскерткен.
2022-жылы башталган согуш бешинчи жылына жакындап калганда АКШ ортомчулугу менен Орусия, Украина жана АКШнын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү ушул айда кайра жанданышы күтүлүүдө. Бирок соңку кандуу чабуулдар тынчтык жараянынын келечегине байланыштуу суроолорду күчөттү.
Москва менен Киев Украинанын түштүгүндөгү Орусия көзөмөлдөгөн Олешки шаарынан тургундарды эвакуациялоо операциясы тынч аяктаганын билдиришти. АКШнын ортомчулугу менен жетишилген жана 1-ноябрга чейин күчүндө боло турган убактылуу тынчтык келишиминин алкагында төрт жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу шаардан жайкын тургундарды ташыган автобустар чыгып кетти.
Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратованын айтымында, колонна Орусия көзөмөлдөгөн Крымга жеткенден кийин экиге бөлүндү. Автобустардын бир бөлүгү Орусияга, экинчиси Украинага багыт алды.
«Биз Олешкидеги гуманитардык миссияны жыйынтыктап жатабыз. Азыр Армянск шаарынын аймагында турабыз. Миссиянын уюштурулушу эки тараптан тең жогору бааланды», - деди Лантратова Telegram'га жарыяланган видеодо.
Украинанын акыйкатчысы Давид Лубинец да эвакуация аяктаганын ырастап, Украинага кетүүнү каалаган тургундар Орусиянын Анапа шаарына жөнөтүлгөнүн билдирди.
«Олешкиден Украинага кетүүнү каалагандардын баары жолго чыгышты. Гуманитардык жардам жеткирилди. Колонналар өз багыттары боюнча бөлүндү, мен болсо Украинага кайтып жатам», - деп жазды ал.
Гуманитардык операциянын алкагында шаарда калган тургундарга жардам да таратылды. Лантратованын айтымында, ондогон тонна гуманитардык жүк жеткирилди.
Лубинец менен Лантратова өз билдирүүлөрүндө АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын координациясы алдында фронтко жакын аймактарда ушундай гуманитардык миссияларды туруктуу өткөрүп туруу керектигин белгилешти. Алар Олешкидеги кызматташтык оор шартта да адамдарга жардам берүүгө мүмкүн экенин көрсөткөнүн айтышты.
Олешкиде 27-октябрдан бери атышпоо режими сакталып турат. Макулдашуу тууралуу Мелания Трамп бир жума мурда жарыялаган.
Ал эвакуацияланууну каалагандарга керектүү жардам жана транспорт уюштуруларын, ал эми адистер тургундардын жашоо шартын жана муктаждыктарын аныктоо үчүн үйүнө чейин барарын билдирген.
Орусиялык аскерлер Олешкини 2022-жылы Украинага каршы согуштун алгачкы күндөрүндө басып алган. Ошол эле жылдын аягында Украина Днепрдин аркы өйүзүндөгү Херсон шаарын кайтарып алгандан кийин Олешки фронтко эң жакын тилкеде калган.
Согушка чейин шаарда болжол менен 24 миң адам жашаган. 2023-жылы Каховка дамбасы талкалангандан кийин шаардын аймагынын болжол менен 90 пайызы суу алдында калган.
Мелания Трамптын кеңсесинин маалыматына ылайык, шаарда 2 миңге жетпеген адам, анын ичинде 50дөй бала калган. Көпчүлүгү улгайган тургундар экени айтылган. Акыркы айларда алар мина басылган, катуу жабыркаган шаарда азык-түлүк, ичүүчү суу, дары-дармек жана электр энергиясынын жетишсиздиги шартында жашап келишкен.
Киев бул оор абал үчүн Москваны жоопкер деп эсептейт. Кремль болсо кырдаалга украин дрондорунун соккулары себеп болуп жатканын билдирип келет.
Украиналык расмий өкүлдөр менен ыктыярчылар буга чейин Олешкинин тургундары аймактагы аскердик максаттардын «барымтасында» калганын айтып келишкен. Алардын пикиринде, шаар Орусиянын Украина түштүгүндөгү чабуулдары үчүн маанилүү плацдарм болуп, тургундар иш жүзүндө «тирүү калкан» катары пайдаланылып келген.
30-октябрга караган түнү Орусиянын Киевге жасаган чабуулунан бир адам каза болду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына караганда, ракета сыныктары Киевдин Днепр районундагы бир кабаттуу имаратка түшүп, өрт чыккан. Кырсык болгон жерден бир адамдын сөөгү табылган.
Ошондой эле аталган райондо көп кабаттуу турак жайдын терезелери жана эки жерде токтоп турган автоунаалар жабыркаган. Дарница районунда болсо кампада жана пайдаланылбай турган имараттарда өрт чыккан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин баллистикалык сокку коркунучу бар экенин эскерткен.
Ошол эле учурда Москванын мэри Сергей Собянин 29-октябрдын кечинен 30-октябрдын таңына чейин Москва аймагын көздөй 862 учкучсуз учак учканын билдирди. Анын айтымында, алардын басымдуу бөлүгүн абадан коргонуу күчтөрү алыстан эле атып түшүргөн.
Собяниндин маалыматына караганда, Москвага жакындап келген дагы 170 дрон зыянсыздандырылган. Бир күн мурда да Москва жүздөгөн дрон чабуулуна кабылганы кабарланган.
Акыркы күндөрү эки тарап тең учкучсуз учактар жана ракеталар менен соккуларды күчөтүп, чабуулдардын масштабы өсүүдө.
Орусиянын пилотсуз учагы Украинанын Днепр шаарындагы темир жол бекетине урган соккудан каза болгондордун саны, 29-октябрдын кечиндеги маалыматка караганда, 14 адамга жетти. Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжанын маалыматына караганда, дагы 13 адам жаракат алган. Алардын төртөө оор абалда ооруканада жатат.
Ошол эле маалда Полтава облусунун Кременчук шаарында көп кабаттуу турак жайга урулган дрон соккусунан каза болгондордун саны үч адамга жетти. Дагы 19 киши, анын ичинде беш бала, жаракат алды. Алардын 11и ооруканага жеткирилген.
Чернигов шаарында борбордук аймакка жасалган ракета соккусунан 15 жаштагы эки кыз каза болду. Жергиликтүү бийлик кеминде 15 адам, анын ичинде үч бала жабыркаганын билдирди. Шаарда турак жайлар, дүкөндөр жана автоунаалар да зыянга учурады.
Запорожье облусунун Беленькое айылындагы чабуулдан 49 жаштагы эркек киши каза болуп, дагы үч адам жаракат алды.
Орусия бул чабуулдар боюнча азырынча комментарий бере элек.