Белграддагы автобус бекетинин жанындагы Жакынкы Чыгыштан келген жүздөгөн мигранттардын убактылуу үйү бар. Анда жакында эле кичинекей качкындар үчүн "балдар бурчу" ачылды. Ал жерде илинген сүрөттөр кичинекейлердин аргасыз мекенин таштап кетүүсүн чагылдырып турат.
Качкындар: жол балдардын көзү менен
1
Балдар менен психолог Андрэа Благоевич иштейт.
Ирактан келген он жаштагы Навиддин сүрөтү.
Ирактан келген он жаштагы Навиддин сүрөтү.
2
Психологдун айтымында, адатта балдар сүрөткө коркунучтуу саякат учурунда көргөн азаптарын тартышат.
Тогуз жаштагы сириялык Ахмеддин сүрөтү.
Тогуз жаштагы сириялык Ахмеддин сүрөтү.
3
Бирок бул жердеги көпчүлүк сүрөттөрдө терс эмоция жок.
Сегиз жаштагы Ооганстандан келген Айданын сүрөтү.
Сегиз жаштагы Ооганстандан келген Айданын сүрөтү.
4
Дээрлик көбү Ирактан келген сегиз жаштагы Захранын бул сүрөтүндөй үмүткө толгон.
5
Айрым балдар гана баштан кечирген оор күндөрүн сириялык Ахмедге окшоп тартышат.
6
"Менимче алар эмне болгонун ата-энеси айтмайынча аңдап биле бербейт" дейт психолог Андрэа Благоевич. Сириядан келген алты жаштагы Газаланын сүрөтү.
7
Анткен менен айрымдары айланада эмне болуп жатканын сезишет.
Сегиз жаштагы сириялык Вааддын сүрөтү.
Сегиз жаштагы сириялык Вааддын сүрөтү.
8
Беш жаштагы сириялык бала Музамил үйүн салып бараткан кемени тарткан.
9
"Балдар бурчун" Сербия бийлиги UNICEF (БУУнун балдар фонду) менен биргеликте ачкан.
Төрт жаштагы сириялык Ахмеддин сүрөтү.
Төрт жаштагы сириялык Ахмеддин сүрөтү.
10
Сентябрь айында согуш жүрүп аткан Сирия, Ирак, Ооганстан жана Африка өлкөлөрүнөн миңдеген мигранттар Европага келген.
Алты жаштагы сириялык Айдын сүрөтү.
Алты жаштагы сириялык Айдын сүрөтү.
11
Качкындардын негизги агымы Балкан өлкөлөрүн кесип өтөт. Учурда айрым өлкөлөр өз чек арасын качкындарга туруштук бере албай жапты.
Ирактык жети жаштагы Норанын сүрөтү.
Ирактык жети жаштагы Норанын сүрөтү.
12
Качкындар негизинен Германия менен Скандинавия өлкөлөрүнө барышууда. Д
Ирактан келген жети жаштагы Мухамеддин сүрөтү.
Ирактан келген жети жаштагы Мухамеддин сүрөтү.