Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:44

Дүйнө чемпионаты: Эрназар Акматалиев күмүш, Малик Шаваев коло медал алды

Эрназар Акматалиев. Архив сүрөт.
Эрназар Акматалиев. Архив сүрөт.

Ушул күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча таймаштарда кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев күмүш, Малик Шаваев коло байгеге ээ болушту.

Эрназар Акматалиев 31-октябрда 70 килограммга чейинки салмакта финалда орусиялык Ибрагим Ибрагимович менен беттешип, 2:5 эсебинде жеңилип, күмүш байгеге ээ болду. Акматалиев бир күн мурда үч атаандашын жеңип, финалга чыккан. Алгач канадалык Лаклан Макнилди 2:0, чейрек финалда түркиялык Ферхат Кылычты 8:3, жарым финалда АКШ балбаны Зеин Ризерфордду 3:2 эсебинде жеңип алган эле.

Эрназар Акматалиев 28 жашта. Ал ушуну менен эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында төртүнчү жолу байге ээси болду. Буга чейин бир жолу күмүш (2021-ж.), эки жолу коло медал тагынган (2022, 2025).

Азия чемпионатынын алтын, күмүш жана коло байгелеринин ээси (2025-ж., 2022-ж., 2026-ж.)

Жаштар арасында Азия чемпионатында да күмүш уткан (2018-жыл.) 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону (2021-жыл.). Ibrahim Moustafa (2023), Bolat Turlykhanov Cup (2022) өңдүү бир нече эл аралык рейтингдик мелдештердин жеңүүчүсү.

Ушул эле күнү 86 килограммга чейинки салмакта Малик Шаваев коло байге үчүн беттеште орусиялык Ибрагим Кадиевди 4:3 эсебинде жеңип алды. Шаваев бир күн мурда үч беттеш өткөргөн. Алгач швейцариялык балбан Умар Мавлаевди 5:0, 1/8 финалда Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону, ирандык Камран Гасемпурдун далысын килемге басып жыкты. Тилекке каршы чейрек финалда Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, бир жолку күмүш байгесинин ээси, панамериканын үч жолку АКШ балбаны Кайл Дейкке жеңилди. АКШ балбаны жарым финалда орусиялык Ибрагим Кадиевди жеңип, финалга чыккандыктан, Шаваевколо байге үчүн күрөшүүгө жол ачкан көңүл жубатуучу беттешке мүмкүнчүлүк алды. Ал таймашташта монголиялык Батбилгуун Наадамбатты жеңип, коло байге үчүн таймашка чыккан.

Малик Шаваев 30 жашта. Ал быйыл Жапонияда өткөн Азия оюндарында жана Монголияда өткөн "Ulanbaatar Open" эл аралык мелдешинде да коло байгеге ээ болгон.

24-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 1-ноябрда аяктайт. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов (82 кг чейин) жана Амантур Исмаилов (72 кг чейин) коло байге алган. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова күмүш байгеге ээ болгон (68 кг чейин). (ECh)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG