Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Электрондук чылымда катылган уу


Demain J'arrete электрондук чылымын ойлоп тапкан Мартин Борн, Париж, Франция, 08.10.2013.
Demain J'arrete электрондук чылымын ойлоп тапкан Мартин Борн, Париж, Франция, 08.10.2013.

Пульманолог окумуштуулар электрондук чылымда дагы ракка чалдыктырчу заттар табылганын белгилешти.

Бир караганда, электрондук чылым зыянсыз көрүнүшү мүмкүн. Кадимки чылымдан айырмаланып, түтөп күйбөйт. Ойлоп табуучулар буга чейин андан канцероген ( Канцероген – латын тилинен которгондо рак илдетин пайда кылуучу зат дегенди түшүндүрөт) бөлүнүп чыкпайт деп айтып келишкен.

Бирок жаңы изилдөөлөр көп колдонулган электрондук чылым катуу ысыганда кадимки тамекиге барабар канцерогендерди бөлүп чыгарганын көргөздү. "Нью-Йорк таймс" гезити иликтөөнүн жыйынтыктары Nicotine and Tobacco Research илимий журналында 15-майда жарык көрөрүн жазып чыкты.

Иликтөөдө жогорку кубаттуулук менен от алган электрондук чылым ысыганда уулуу формальдегид газы бөлүнүп чыгары көрсөтүлөт.

Формальдегиддин 60 милилитри адамды өлүмгө алып келет. Бул газга ууланган киши алгач алсырап, деми кыстыгып, башы ооруп, депрессияга кабылат. Андан сырткары формальдегид көздүн ириңдешине, бронхитке жана уйкунун качышына дагы себепкер.
Электрондук чылымды ойлоп тапкан Хон Лик, Бээжиң, Кытай, 25.05.2009.
Электрондук чылымды ойлоп тапкан Хон Лик, Бээжиң, Кытай, 25.05.2009.
Электрондук чылым тууралуу илимий далилдер аз жана аны тарткандар рак илдетине чалдыгат деген бүтүм жок. Кошмо Штаттардын Улуттук тамак-аш жана дары-дармек санитардык көзөмөл башкармалыгы (FDA) көбүнесе электрондук чылымдын курамын иликтөө менен алек. Бирок андан бөлүнгөн газды изилдегендер дээрлик жокко эсе. Андай болгону менен аталган башкармалыктын жетекчиси Маргарет Хамбург тамеки тартуудан пайда болгон оорулардын экономикага тийгизген таасирине токтолду.

Тамеки тартуунун чынында кесепети өтө чоң. Мисалы жылына эле 480 миң адам тамекинин айынан көз жумат. Тамекинин кесепети биздин саламаттыкты сактоо тармагыбызга жылына 289 миллиард доллар чыгым алып келет, – деди Хамбург.

Электрондук чылымдын эки түрү бар. Биринчиси – бир жолу колдонулуучу чылым. Экинчиси – суюк никотини түгөнүп калганда аны толуктап алса болот. Мындай электрондук чылымдын көлөмү чоңураак келип, кенедей кызыткыч таш (батарея) менен иштейт жана көбүрөөк уулуу түтүндү бөлүп чыгарат.

Ливандык жана америкалык изилдөөчүлөр электрондук чылымдын батареясынын кубаттуулугу 3.2 вольттон 4.8 вольтко жеткенде, андан бөлүнүп чыккан канцерогендердин көлөмү да кескин жогоруларын аныкташкан. Электрондук чылым кадимки чылымдарга караганда уулуу заттарды азыраак бөлүп чыгат деген жүйө жокко чыгарылды. Айрым учурларда электрондук чылымдын батареясы ысыганда андан бөлүнүп чыккан формальдегид кадимки тамекиден дагы арбын экен.

Электрондук чылым барган сайын кеңири жайыла баштаганы маалым. Мисалы АКШда электрондук чылымга жылына эки миллиард доллар сарпташат. Айрым адистер болсо электрондук чылымды кадимки тамекиге теңөөнү сунуштап келүүдө. Алардын айтышынча, электрондук чылымды "зыяны аз" деп бир тартып көргөн өспүрүм кадимки тамекини чеккенге да аракеттенет.
Электрондук чылым.
Электрондук чылым.
​АКШнын Тамак-аш жана дары-дармек санитардык көзөмөл башкармалыгынын тамекини көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Мич Зеллер "Ар күнү жашы 18ге жете элек 3200 өспүрүм өмүрүндөгү биринчи тамекисин тартат. Ар күнү 700 чакты жеткинчек туруктуу чылымчыга айланаарын" белгилейт.

Ал эми Британияда былтыр өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, электрондук чылым тарткан британдардын саны 2010-жылдан бери эки жарым эсеге көбөйгөн. Эгер 2010-жылы электрондук чылым тарткандар жалпы чылымчылардын тогуз пайызын түзсө, 2012-жылы ал сан 22 процентке жеткен.

Чылымдын бул жаңы түрүнө өткөндөрдүн бардыгы дээрлик мурда тамеки чеккендер жана алардын 40 проценти электрондук чылым кадимки тамекинин ден соолукка тийгизген зыянынан сактайт деген ишенимде. Илимий изилдөөлөргө караганда, тамеки күйүп жатканда анын чайыры бөлгөн түтүндөн жана башка уулуу заттардан дем алгандар рак илдетине тамеки тартпагандарга караганда алда канча көп чалдыгат.
Электрондук чылым кадимки тамекидей эле зыян
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG