Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

ЕБ орусиялыктар үчүн визалык чектөөлөрдү күчөтүүнү колдоду

Кая Каллас
Кая Каллас

Европа Биримдиги Орусияга каршы кабыл алган санкциялары канчалык аткарылып жатканына көзөмөлдү күчөтүп, жаңы чектөөлөрдү киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Кая Каллас Ирландияда өткөн ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин бейформал жолугушуусунан кийин билдирди.

Анын айтымында, Евробиримдик Орусияга карата басымды күчөтүү менен катар санкциялардан кыйгап өтүү аракеттерине бөгөт коюу боюнча жаңы сунуштарды даярдоодо. Каллас Москванын Европага басым көрсөтүү аракеттери майнапсыз болорун белгиледи.

Министрлер арасында мурдагы орус аскер кызматкерлеринин Евробиримдикке кирүүсүнө тыюу салуу жана орусиялык туристтер үчүн визалык чектөөлөрдү дагы күчөтүү демилгеси кеңири колдоо тапканы айтылды. Ошондой эле бир катар өлкөлөр Украинаны каржылоо үчүн "тоңдурулган" орус активдерин пайдалануу маселесин кайрадан көтөрүштү. Бул талкуу кийинки жолугушууларда уланары белгиленди.

Каллас ЕБ мамлекеттери Украинага кошумча жардам көрсөтүүгө да макул болушканын билдирди. Анын айтымында, бир катар өлкөлөр Киев көптөн бери сурап келген абадан коргонуу системаларын берүүгө даяр экенин билдиришкен.

Буга чейин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун баяндамачысы Рикард Йозвяк билдиргендей, Евробиримдик даярдап жаткан жаңы санкциялар Орусиядагы, аннексияланган Крымдагы жана Түндүк Кореядагы балдар лагерлерин, ошондой эле Орусия көзөмөлдөгөн украин аймактарындагы билим берүү тармагына жооптуу аткаминерлерди камтышы мүмкүн.

Жаңы чектөөлөр Татарстандын башчысы Рустам Миннихановго да тиешелүү болушу ыктымал. Жалпысынан Брюссель 1600гө жакын жеке жана юридикалык жакка каршы санкция киргизүүнү карап жатат. Чектөөлөрдү октябрь айында бекитүү пландалууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG