Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Таңсыктыгы да, талашы да көп бюджет


Өкмөт келерки жылдын бюджетин 22 млрд. сомдон ашуун тартыштык менен сунуштады.
Өкмөт келерки жылдын бюджетин 22 млрд. сомдон ашуун тартыштык менен сунуштады.

17-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын бюджетин биринчи окууда 83 добуш менен кабыл алды Тактыгынан талашы жана тартыштыгы көп бюджет өнүгүүнүн негизи боло алабы?

АКШнын Федералдык резервдик системасынын үстөк пайызды көтөрүүсү олку-солку болуп турган Кыргызстандын валюта базарындагы абалга кандай таасирин тийгизет? Мына ушул жана башка суроолор “Азаттыктын” “Арай көз, чарай” талкуусуна коюлду. Талкууга Жогорку Кеңештеги “Республика - Ата Журт” оппозициялык фракциянын мүчөсү Максат Сабиров, башкаруучу коалициядагы “Өнүгүү” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комитетитинин төрагасы Мирлан Бакиров жана экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев катышты.

“Азаттык”: АКШнын бир каржы министри “Доллар биздин валюта, ал эми проблема силердики” деген экен. Ошонун сыңарындай доллар азыркы кезде башкасын айтпайлы, Кыргызстандын Улуттук банкынын жана өкмөтүнүн чоң проблемасына айланып турат. Мына ушундай туруксуз шартта АКШнын Федералдык резервдик системасы, же бизче айтканда, Улуттук банкы доллардын үстөк пайызын 0,25 пайыздан 0,5% пайызга көтөрдү. Бул доллардын дагы кымбаттоосуна алып келет деген пикирлер бар. Айылчы мырза, АКШнын Федералдык резервдик системасынын чечиминин бизге таасири кандай болот?

А. Сарыбаев: Анын Кыргызстандын валютасына түздөн-түз тиешеси жок. Анткени АКШнын валюта саясатында доллар негизинен Европанын евросуна, Кытайдын юанына, орустардын рублине каршы же болбосо атаандаш катары көтөрүлөт же ылдыйлатылат. Албетте, орустарга же казактарга таасирин тийгизсе, бизге кыйыр түрдө таасири болот. Бирок түз таасири тийбейт. Биздин валюта өзүбүздүн экономикалык абалга жараша болот. Ошондуктан АКШнын валюта саясатын Кыргызстанга түздөн-түз таасири тиет дегенден алысмын.

“Азаттык”: Мирлан мырза, парламентте келерки жылдын бюджетин биринчи окууда кабыл алдыңыздар. Мына ушул АКШнын валюта системасындагы өзгөрүүлөргө өкмөттө, сиздердин башкаруучу коалицияда даярдыктар барбы?

М. Бакиров: Валюта боюнча айта турган болсок, сом күчүн жоготууда. Бюджетте бир доллар 64 сом 80 тыйын менен бекитилип жатат. Бул алдын ала коюлган божомолдор. Ал эми тиги жакта кабыл алынган чечимдер биздин экономикага кандай таасирин тийгизет? Ал маселе боюнча өкмөттүн позициясын сураган жокпуз. Анткени аны эми гана угуп жатабыз.

“Азаттык”: Улуттук банктын төрагасынын маалыматы жакында эле парламентте угулду. Ал жерде улуттук валюта - сомдун курсуна таасир эткен фундаменталдык маселелер чечилмейин, жалаң интервенция менен узак мөөнөткө курсту кармап калуу мүмкүн эместиги айтылды. Анын үстүнө резерв да чексиз эмес. Фундаменталдык маселе катары тышкы соодадагы терс баланс жана бюджеттик тартыштык аталган. Бирок өкмөт келерки жылдын бюджетин 22 млрд. сомдон ашуун тартыштык менен сунуштады. “Республика Ата Журт” фракциясы аны 10 млрд. сомго кыскартууну сунуштады. Эмненин эсебинен кыскартууну көрүп турасыздар, Максат мырза..?

М. Сабиров: Чындыгын айтканда, өкмөт өзүнө абдан чоң жоопкерчиликти алып алды. Бизде 2011-2012-жылдары бюджеттин тартыштыгы 2 млрд. сом эле болчу. Ошондо да катуу талаш-тартышка түшчүбүз. Азыр эми быйылкы жылдын 16 млрд. сом тартыштыгы менен колдоп бергенбиз. Азыр болсо 22 млрд. сом тартыштык дегенде биз өзүбүздүн кирешебизге жараша жашабайлыбы деп жатабыз. Биз 2016-жылга 10 млрд. сомго, андан кийинки жылы 5 млрд. сомго кыскартып, 2018-жылга тартыштыгы жок мамлекет болсок дедик. Биз чыгашаларды оптимизациялоого барышыбыз керек. Өкмөт чиновниктердин санын кыскартууга барышы керек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG