Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Улуттук банк атаган тобокелдиктер


Өткөн айда рубль, теңге менен катар сом да девальвация болгон.
Өткөн айда рубль, теңге менен катар сом да девальвация болгон.

Улуттук банк өлкө экономикасынын үч ай ичиндеги ал-абалын талдап, тобокелчиликтерди атады. Бажы биримдигине кирүүгө багыт алган Кыргызстанды кандай финансы-экономикалык жагдайлар күтүп турат?

Кыргызстандын Улуттук банкынын жетекчиси Зина Асанкожоеванын кызматтан кеткенине бир айдай убакыт болуп калды. Конституцияга ылайык бул кызматка талапкерди президент сунуштап, Жогорку Кеңеш бекитет.

Жетекчиси дайындала элек Улуттук банк Кыргызстан экономикасынын алдындагы бир катар тобокелдиктерди атады. Алардын катарында экономикада структуралык өзгөрүүлөрдүн начардыгы, негизги капиталга инвестициянын туруксуздугу, акча которуулардын кыскаруусу, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруудагы кемчилик жана реэкспорттун кыскарышы аталган.

Улуттук банктын макроэкономика жана финансылык базарды талдоо бөлүмүнүн башчысы Автандил Алыбаевдин айтымында, экономикада структуралык өзгөрүүлөрдүн аздыгы Кыргызстанда импорттук товарлардын көптүгү менен байкалат:

- Биз импорт товарларга көз карандыбыз. Ошондуктан Кыргызстан ичинде ошол сырттан келип аткан импорт товарлардын ордуна же ага атаандаш болуп, ошолорду алмаштыра ала турган продукцияларды чыгарышыбыз керек. Сырткы импорттон көз каранды болуп атабыз. Алардын терс таасири биздин экономикага абдан тийип атат.
Зина Асанкожоева, Улуттук банктын мурдагы төрайымы.
Зина Асанкожоева, Улуттук банктын мурдагы төрайымы.
Негизги капиталга инвестициянын туруксуздугун Автандил Алыбаев бир нече тармакка Кытайдын насыялары инвестиция катары көп тартылып, бирок калган тармактар жайдак калып жатканы менен негиздейт.

Кыргызстандын тышкы соодасында басымдуулук кылган импортту эмгек мигранттарынын акча которуулары кайсы бир деңгээлде теңдештирип келаткан. Бирок рубль, теңге жана сомдун девальвациясы менен Кыргызстанга эмгек мигранттарынын доллар менен акча которуусу кыскарып баратат. Маселен, үч ай ичинде доллар менен акча которуулар 8.8% кыскарган. Украина кризиси жана Орусия экономикасындагы рецессия аны дагы азайтат деген чочулоолорду күчөтүүдө.

Улуттук банктын мурунку башчысы Улан Сарбанов азыркы кезде Улуттук банк саясаты тууралуу кеп кылууга эртелик кылат, анткени ал жерге биринчи кезекте жетекчисин дайындоо маанилүү деп эсептейт.

Ал эми Экономика министрлиги экономикада структуралык өзгөрүүлөр жүрбөй жатканын моюндайт. Министрликтин Макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев бул жалпы өкмөт аткара турган жумуш деп эсептейт:

- Структуралык өзгөрүү болбой жатканы ал туура. Себеби, жылдан-жылга негизинен кызмат көрсөтүү жагы өсүүдө. Айыл чарбасынын үлүшү төмөндөп атат. Өнөр жайдын жалпы ички дүң продукциядагы көлөмү дагы азаюуда. Инвесторлорду тартуу жакшы болбой жатканынын себеби инвестициялык климат анча эмес.
Өмүрбек Абдрахманов.
Өмүрбек Абдрахманов.
Жогорку Кеңештеги оппозициялык маанайдагы “Демократия” аттуу депутаттык топтун мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов Улуттук банктын экономика алдында турган тобокелчиликтерди аныктаганын туура деп баалайт. Ошол эле мезгилде Кыргызстандагы өнүгүүнү Кытай насыялары берип жаткан көрсөткүч катары баалады:

- Насыянын эсебинен бир аз өнүгүп атабыз деп айтсак болот. Ал эми Кыргызстандын өзүнүн экономикасы эч кандай өскөн жок. Ордунда турат. Бир да жаңы ишкана кура алган жокпуз. Бир да жаңы реформа жасап, ишкерлерге, бизнеске шарт түзүп бере алган жокпуз. Ошон үчүн мындай келечек абдан кооптуу. Ошон үчүн салыктар жыйналбай калды.

Улуттук банк бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүндөгү оош-кыйыштарды экономикага, инфляцияга терс таасирин тийгизген тобокелчиликтердин бири катары атаган. Чындыгында үч айда 1 млрд. 600 млн. сом салык аз жыйналып бир жагынан көйгөй жаратып жатса, экинчи жагынан жыл соңунда бюджеттик акчалар көп сарпталып, ал инфляцияны күчөтүү коркунучу менен опурталдуу.

P/S. Бүгүн 7-майда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Толкунбек Абдыгулов КР Улуттук банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Буга чейин ал өкмөттүк аппараттын экономика жана инвестиция бөлүмүн жетектеп турган. 2005-2006-жылдары Улуттук банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы экономисти болуп иштеген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG