Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Улуттук банк башчысына байланышкан убайым


Зина Асанкожоева, Улуттук банктын төрайымы.
Зина Асанкожоева, Улуттук банктын төрайымы.

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрайымы Зина Асанкожоева кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазып бергени тууралуу маалымат тарады. Улуттук банктын маалымат кызматы бул маалыматты тастыктай албашын билдиргени менен, арыз тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарган жок. Башкы банкирдин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазуусуна эмне себеп болду?

2011-жылдан бери Улуттук банкты жетектеп келаткан Зина Асанкожоеванын дарегине сындар февраль, март айларында сомдун девальвациясынан кийин күч алды. Анда Улуттук банк өз убагында тийиштүү чечимдерди кабыл албай, кырдаал кризисттик деңгээлге жетип кетти деп айыпталган. Мына ошондон кийин Улуттук банктын төрайымынын орун басары Сүйөркул Абдыбалытегин кызматтан бошотулган.

Улуттук банк боюнча Кыргызстандын мыйзамына ылайык, Улуттук банктын жетекчиси жети жылга президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Ал эми кызматтан бошотуу үчүн өз арызы болуш керек, же соттун айыптоочу чечими болууга тийиш. Андан сырткары дайындалган мөөнөтү бүтсө, же кызматын аткара албай калган учурда бошотулат.

Зина Асанкожоеванын кызматтан кетүүсүнө азыркы кезде бир гана өз арызы себеп болуп жаткандай. Бирок бул маалыматты Улуттук банктын маалымат кызматынын жетекчиси Софья Балакина азырынча тастыктай албасын билдирди:

- Бүгүн ал кызматтан кетет дегенди тастыктай албаймын. Ал кызматтан кетиш үчүн парламент аркылуу өтүш керек. Азырынча парламент ал маселени талкуулай элек. Ошондуктан азыркы кезде ал маалыматты тастыктай албаймын. Мүмкүн эртең маалымат болот.

Ал эми Улуттук банктын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Максат Ишенбаев Зина Асанкожоеванын кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазганын өз маалымат булактарына таянып тастыктаарын билдирип, анын себептери тууралуу мындай оюн айтты:

- Азыркы төрайым Асанкожоева Улуттук банктын ишин жакшы билбейт. Банк системасында эч качан иштеген эмес. Акча, насыя саясатын билиш керек да. Кандай реформаларды жасоону, коммерциялык банктар кандай иштеп атканын билиш керек. Анын мындай тажрыйбасы жок болчу

Маектешибиз ошондуктан Улуттук банк Кыргызстандын экономикасынын кыймылдаткычы болбой калды деген пикирин да кошумчалады:

- Менин оюмча, ал келгенден бери Улуттук банкта эч кандай реформа болгон жок. Мурун Улуттук банк экономиканын кыймылдаткычы эле деп айтсак болот эле да. Азыр булар эч нерсе кылбай эле отурушту. Ошон үчүн девальвация учурунда туура эмес кадамдар болду. Адистер жок болуп, жоопкерчиликти алып, чечим кабыл алган кишилер жок болуп калды.

Улуттук банктын төрагасынын мурунку орун басары Сүйөркул Абдыбалытегин Улуттук банкта алар тарабынан жүргүзүлгөн иштерге мезгил өзү баасын берет деген оюн айтты.

Кыргызстан коммерциялык банктар бирикмесинин башчысы Анварбек Абдраев Улуттук банктын жетекчисинин иши жана анын кызматтан бошотуу тууралуу арызы тууралуу маалыматтарга комментарий бербөөнү чечкенин билдирди. Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Замир Бекбоев болсо Зина Асанкожоеванын кызматтан бошонуусу тууралуу маалымат комитетте жок экенин айтты.

Айрым маалыматтарга караганда, азыркы учурда Улуттук банктын жетекчилигине талапкерлер электен өткөрүлүүдө. Талапка ылайык талапкер тандалар менен кадрдык өзгөрүүлөр ачык болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG