Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Үч айдагы экономика жана энергетика


Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аздыгы айтылууда. 20-январь, 2013-жыл.
Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аздыгы айтылууда. 20-январь, 2013-жыл.

Кыргызстан экономикасы үч айдын ичинде 5.6% өскөнү кабарланды. Кайсы тармактар аксап, кайсы жак өрүш алды?

Кыргызстандын экономикасы үч ай ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5.6% өскөн. Кумтөрдү кошпогондо өсүш бир аз төмөн болуп, 104.9% түзгөн. Негизги капиталга инвестиция 133% өскөн. Курулуш тармагы да айтылып келаткандай эле дурус өсүшкө ээ болуп, 125% жакындаган. Кызмат көрсөтүү, тейлөө жана соода тармагы 2 пайыздан 5 пайызга чейин өскөн.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев экономикадагы өсүштүн жайлашын мындайча түшүндүрдү:

- Азыркы мезгилде кызмат көрсөтүү тармагы азайып кетти. Экинчиден, айыл чарбасында азыркы кезде бир гана мал чарбачылыгы иштеп жатат. Ошон үчүн ушундай кырдаал түзүлүп жатат. Өнөр жайында Кумтөр эле азыраак. Калгандары дурус. Бирок Токмоктогу айнек завод жана Кызыл-Кыядагы цемент завод начар иштеп атат.

Токмоктогу айнек заводдун продукциясына Орусияда суроо-талап азайса, Кызыл-Кыядагы цемент заводдун ишине Тажикстан менен жолдун жабылышы терс таасирин тийгизген.
"Манастагы" Транзиттик борбор кыргыз-орус биргелешкен ишканасынан күйүүчү май алууну февраль айында токтоткон. 6-март, 2012-жыл.
"Манастагы" Транзиттик борбор кыргыз-орус биргелешкен ишканасынан күйүүчү май алууну февраль айында токтоткон. 6-март, 2012-жыл.
Кыргызстандын макроэкономикалык туруктуулугуна пландалган жаңы ишканалардын ишке кирүүсүнүн кечигиши жана бир катар кендердин ишке кирбей калышы коркунуч туудурууда. Өкмөт бир катар ишкана, кендерди ишке киргизүү менен "Манастан" Транзиттик борбордун чыкканда бюджетке түшпөй кала турган каражаттын ордун толтурууну көздөп жатат. Насирдин Шамшиевдин айтымында, базанын чыгышы менен Кыргызстан бюджети 120 млн. доллар жоготууда. Анын үстүнө база өкмөт күткөндөй июль айында эмес, февраль айында эле күйүүчү май сатып алууну токтотуп койду.

Быйылкы жылдын эки айында экспорт 143% өскөн. Улуттук статистикалык комитеттин негиздемеси боюнча, буга алтын экспортунун өсүшү таасир эткен. Маалыматка караганда, алтын өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсе көп экспорттолгон. Жалпы экспорттун көлөмү 257 млн. доллар, ал эми импорт 783 млн. доллар болгон. Ошондуктан өлкөнүн тышкы соодасында тескери сальдо сакталып кала берүүдө.

Быйылкы жылы өкмөттү тынчсыздандырган жагдай энергетика тармагында түзүлүүдө. Бул өзгөчө Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин азайышына байланыштуу келип чыгууда. Азыркы мезгилге карай Токтогулда 8.8 млрд. куб метр суу калды. Ошондуктан электр энергиясын экспорттоо быйыл болбой калышы күтүлүүдө. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Токтогулда суунун азайышын 2011 жана 2012-жылдары электр энергиясынын көп экспорттолуп, ошого жараша суунун көп чыгымдалышы менен байланыштырды. Быйылкы жылы суу былтыркыга караганда 21% аз келет. Ушундай шартта электр энергиясын экспорттону токтотууну караштырып жатабыз дейт Артыкбаев:
- Электр энергиясын экспорт кылбай сууну сактап калалы деп жатабыз. Анан Казакстан кокусунан бизге суу керек дей турган болсо, анда биз кайта кышында электр энергиясын кайра ала турган кылып, алмаштыруу жолу менен барышыбыз мүмкүн. Экинчиден, суу сактап калуу максатында жай айларында Тажикстандан электр энергиясын алууну караштырып жатабыз. Үчүнчүдөн, элге кайрылып, үйлөрдү жылытууну быйыл көмүр менен газга өткөрбөсө болбойт деп эскертип жатабыз. Анткени электр энергиясы менен үйдү жылытсак, жалпы элге жарыкка жетпей калышы мүмкүн.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев экономикада үч жылдан бери келаткан өсүш темпи сакталат деп билдирген. Ал эми экономика министрлигинин адистери жана көз карандысыз экономисттер өсүш 5% тегерегинде болорун тастыкташууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG