Линктер

шаршемби, 21-август, 2019 Бишкек убактысы 15:10

Элим деген эр эле...


Жумакадыр Акенеев.

15-августта 64 жаш курагында белгилүү окумуштуу, коомдук, мамлекеттик ишмер Жумакадыр Акенеев дүйнө салды. Көпчүлүк элге Жумакадыр Акенеев чыгаан илимпоз, ишмер катары эле эмес, ириде өлкөнүн экономикалык жагдайын таамай сыпаттаган мыкты эксперт катары таанылган.

Убактысынын тартыштыгына, жагдай-шартына карабай ал Кыргызстандын экономикалык турмушу кайсы багытта баратканын, абалы менен проблемаларын жашырбай айтып, маалымдоо каражаттары аркылуу пикирин билдирип турчу.

Кызматтын ысык-суугу

Жумакадыр Акенеевдин өмүр жолу илим менен мамлекеттик кызматтын эриш-аркак байланышынан турат.

Токсонунчу жылдары жогорку бийлик тепкичине ыкчам көтөрүлүп, кайра бир топ жылдар андан четтеп, илимге кайтып келген.

Ал кыска өмүрүндө абакты да көрдү. Айыл чарба министри кезинде иш сапардан келери менен аба майдандан камакка алынып, кийин акталып чыккан. Ошонун азабын тартып мамлекеттик кызматка алынбай бир топ жыл окутуучулук, илимий иштер менен алектенди.

Жумакадыр Акенеев кызмат абалына карабай бир калыпта жүргөн, жөнөкөй, элпек инсан эле. Адамгерчилик сапатын жоготпой өзүн бир калыпта алып жүргөнү менен замандаштарынын эсинде калды.

Кыргызстан эгемендик алып, өз алдынча жашоонун ысык-суугун башынан кечирип жаткан өткөөл жылдары Улуттук статистика комитетин жетектеди. Ошол кезде улуттук эсеп-чоттун дүйнөлүк стандартына шайкеш келген системасын ишке киргизип, күнкорсуз мамлекеттер шериктигинин маанилүү кызматын жолго коюуга чоң эмгек сиңирген.

Жумакадыр Акенеев.
Жумакадыр Акенеев.

Көп жылдар жогорку билим берүү жаатында эмгектенип, илимий ишке баш-оту менен берилген инсан экен, кайсы бир кызматтан бошоп калганына таарыныч кылбай, көнгөн ишин уланта берчү. Ал үчүн илимий иштерин улантуу, экономика илиминин актуалдуу проблемаларын изилдөө маанилүү болчу. Ошон үчүн ал Кыргызстан ыкчам өнүгүп, анын жолуна будоо болуп жаткан тоскоолдорду эртерээк жоюп, алга умтулууну жакшы көрчү.

Республиканын экономикалык жагдайы анын алаканына салынгандай дайын, өнүгүп-өсүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бардыгы эсинде турчу. Экономика - өлкөнүн кан тамыры, анын бардык салаасы менен ичке тамырлары үзгүлтүксүз иштеп турушу үчүн эмнелерди жасоо керектигин, базар экономикасынын барк-баасы, мүчүлүштүгү кайсы жерге көмүлгөнүн мыкты билчү.

Бирок бул турмуштун дагы таңкалычтуу табышмагы - экономикалык үлкөн маселелерди бул илимден ат чабым алыс, үстүрт түшүнүгү бар аткаминерлердин чечип отурушу. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” принциби бул турмушта дайым эле сактала бербейт. Жумакадыр Акенеев экономикалык турмуштун орчун проблемалары тууралуу кеп болгондо кайдыгер карап турчу эмес, үн кошуп, талашка түшүп, жүйөлүү пикирин алдыга жайчу.

Оңбогон оору

Маанилүү экономикалык маселелерге келгенде Жумакадыр Акенеевдин кыйгап өтпөс элпектиги, өлкөсүн өзгөчө сүйгөн жапакечтигин жакын курбусу Кабылбек Жумалиев кайгыруу менен эскерип отурду.

- Жаңы ишти баштаса анын аягына чыккыча күндөп-түндөп аракет кыларын айтып калаар эле. Маалымдоо каражаттары аркылуу экономикалык жагдайга токтолуп, калыс сөзүн айтып, оңго-солго кошулбай, түз жүргөн адам болчу. Сүйлөсө да, иш кылса да мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөп, биримдикке келтириш үчүн иштеп жүрчү. Эл бир нукка түшүп, айтчу нерсени жашырбай ортого салып, чечүү жолдорун белгилесе, Кыргызстан экономикалык мыкты өнүккөн алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулмак, ушунун үстүндө ойлонушубуз керек деп көп айтчу.

Жумакадыр Акенеев алышкан оорунун азабын аябай тартты. Анысын жашырып көпкө айтпай жүрдү. Дегеле оорубагандай күлүп-жайнап, жашоого умтулуусу күчтүү эле.

Маркумдун жакын адамдарынын бири Борис Сыдыгалиев ташбоор ажал жан дүйнөсү таза, жаркын адамды алып кеткенине капа болду.

- Оорудум деп айтчу эмес, дене табы 40 градус болуп турса да, эч нерсеге карабай, бул ишти бүткөрүү керек, буга жардам бериш керек деп жүрчү. Ичи ооруп ооруканага барып жатканда приступ болду. Тез эле операцияга алып киришти, ичегиси түйүлүп калыптыр, эки бөйрөгү иштен чыгыптыр. Жүрөгүм ооруду деп айтчу эмес эле, инфаркт болду. Эки сутка ооруканада жатты, эч нерсе айта алган жок. 40 жыл кайсы жерде болсо да чогуу жүрдүм эле, атамдай болуп калган.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери анын экономикалык абалын 4 миллиард доллардан ашкан ички-тышкы карызы кашкайтып көрсөтүп турат. Ушунчалык акча агымы кайда кетти, карызды кантип кайтара алабыз деген суроо кийинки жылдары көп айтыла баштады. Белгилүү ишмер Базарбай Мамбетов жакында эле маркум менен ушул маселени талкуулаган экен.

Базарбай Мамбетов.
Базарбай Мамбетов.

- Экономикадагы, илимдеги эмгеги бийик эле, баарын ачык айткан азамат болчу. Эч тартынбай, коркпой, экономика боюнча, ошол жааттагы саясатты талдоого алчу. Терең байкоолорун ортого салып, эл менен бөлүшүп, пикирин айтып турчу. Кыргыздын дулдулу болчу десем жаңылышпайм. Ошондой адамдан ажырап калдык. Жакында эле тышкы карыз боюнча коомдук каналдагы талкууга чогуу катышканбыз.

Жумакадыр Акенеев 1954-жылы Ысык-Көл облусунун Улахол айылында төрөлгөн. Ал 1993-1997-жылдары Кыргызстандын Статистикалык комитетин, 1997-1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлигин башкарган. 2011-2013-жылдары Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти болгон.

Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев 50дөн ашык илимий эмгек жазган.

Анын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө 17-августта коюлат. Тажыясы Бишкектеги Айтматов көчөсүндөгү үйүндө өтмөкчү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG