Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:55

Гербдин автору келбес жайга кетти


Мамлекеттик герб.

Гербдин авторлорунун бири, сүрөтчү Асеин Абдраев 70 жашында узакка созулган оорудан улам каза болду. Маркум Нарын облустук драма театрында башкы сүрөтчү, Нарын райондук балдар көркөм өнөр мектебинде мугалим, директор болуп эмгектенген. Сөөгү 16-августта Нарын шаарында акыркы сапарга узатылды.

Маркум Асеин Абдраев 70 жылдык мааракесин белгилөө учурунда өзү авторлош болуп кабыл алынган Мамлекеттик герб тууралуу мындай деген экен:

Асеин Абдраев.
Асеин Абдраев.

- Гербге сегиз миңге чукул авторлор, авторлоштор катышты. "Мен, мен" деп көкүрөк кергендер. Мен жападан-жалгыз Нарындан барып жеңип келдим. Эл-журтума ушунчалык ыраазымын. Колдон-буттан алып колдоп турушат. Иштеген ишибиз жакшы.

Тарыхта эгемендүү Кыргызстандын Гербин иштеп чыгуу эки жылга созулганы, жыйынтыгында 1994-жылдын 18- январында Асеин Абдраев менен Садырбек Дубанаев жараткан долбоор Мамлекеттик герб катары бекитилгени белгиленген.

Ал кезде Абдраев Нарын шаарынын балдар чыгармачылык мектебинин директору, Дубанаев эл депутаты, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп турган. Бул жетишкендиктери үчүн президенттин жарлыгы менен Садырбек Дубанаевге генерал-майор деген чин берилип, Асейин Абдраевге "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамы ыйгарылган.

Кийинчерээк Абдраев Гербдин автору жалгыз өзү экенин айтып чыккан жагдайы бар.

Садырбек Дубанаев "Азаттык" үналгысына Гербди жаратууда экөөнүн эмгеги тең экенин айтып, буларды кеп салды:

Садырбек Дубанаев.
Садырбек Дубанаев.

- Асеин экөөбүз көп жумуштарда бирге иштедик. Бир топ ачуу-таттууларыбыз да болду дегендей... Ошол кездеги депутаттар, Нарындын эли баарын билет. Гербди жаратууда Асеин Абдраевдин эмгеги зор. Муну мен эч качан танбайм. Дайыма айтып келем. Мындан кийин да айта берем. Биз Мамлекеттик гербди эле эмес, кийин Ысык-Көл облусунун эн белгисин да идеяларыбызды чогултуп бирге тартканбыз. Нарын облусунун эн белгисин Асейин Абдраев өзү жараткан. Биз үчүн орду толгус жоготуу болду. Президент бүгүн кол коюп, Абдраевди акыркы сапарга узатууга кошкон салымым болсун деп жүз миң сом каражат берди. Жергиликтүү бийлик да жардам берип, узатуу зыйнатын жасап жатат. Асейин Абдраев мамлекеттин кишиси болчу. Ал өзүнүн мекени үчүн кызмат кылган.

Асеин Абдраев 1948-жылы Нарын районундагы Кара-Үңкүр айылында туулган. 1969-жылы Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1980-жылы Алматыдагы Абай атындагы көркөм сүрөт институтун бүтүргөн. Алгачкы эмгек жолун Нарын музыкалык драма театрында сүрөтчү-коюучу болуудан баштаган.

1972-1976-жылдары Москвадагы дүйнөгө белгилүү сүрөтчү Вадим Рыдинден сабак алган. Жогорку билим алып келгенден кийин Нарын музыкалык драма тетарында башкы сүрөтчү болуп эмгектенген. Абдраев менен ошол кезде театрда чогуу иштеген актер Кенжегул Меңдибаиров замандашын мындайча эскерди:

- Менден эки жаш кичүү эле. Жүргөн-турганы шар, жигитче жүрчү. Алабарман мүнөзү да бар эле. Чыгармачылыкта иштеген ар бир кишини түшүнүп, аяр мамиле кыла турган. Гербдин автору катары албетте, эмгеги чоң. Андан башка эмгеги катары анын театрдагы ишмердүүлүгүн да белгилеш керек. Мен анын бир топ спектаклинде ойноп калдым.

Меңдибаиров кезинде өзүнүн Нарын музыкалык театрына келип иштеп калышына да теңтуш катары Абдраевдин салымы чоң болгонун кыстарды.

Абдраев 1988-жылдан 1992-жылга чейин балдардын көркөм өнөр мектебинде мугалим, 1992-жылдан 2005-жылга чейин Жумамүдүн Шералиев атындагы музыка мектебинде директор болуп иштеген.

Аталган мектептин азыркы кездеги директору Омор Улукманов ал тууралуу минтип эскерди:

- Жетекчилик жөндөмүн, жумушту туура бөлүштүрүп бергенин, адамгерчилик сапатын мен жогору баалачумун. Чындыкты бетке айткан сапаты бар эле. Жогору жактарга кайрылганда тайманбай барып мектептин маселелерин чечип келчү.

Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов 90-жылдары мамлекеттик символика, анын ичинде Герб кантип кабыл алынганын эскерип, буларды кошумчалады:

Медеткан Шеримкулов.
Медеткан Шеримкулов.

- Асеин Абдраевдин авторлоштугу менен чыгарган Герб менимче биздин мамлекетти дүйнөгө тааныта турган эгемен өлкөбүздүн атрибуттарынын бири катары кала бермекчи. Демек анын эмгеги, анын элеси кыргыз мамлекети жашап турганда эч качан өлбөйт. Асеиндин топурагы торко болуп, арбагы бейиштин төрүнөн орун алсын.

Маркум акыркы кезде ардактуу эс алууда жүрүп, былтыр жамбашын сындырып алып төшөктө жаткан. Артында эки уул, эки кызы калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

XS
SM
MD
LG