Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Ишкерлер кыйын кезеңди баштан кечирүүдө


Кыргызстанга былтыркы жылы 111 524 даана унаа алынып келинсе, быйыл он айда 2501 автоунаа кирген.
Кыргызстанга былтыркы жылы 111 524 даана унаа алынып келинсе, быйыл он айда 2501 автоунаа кирген.

2015-жылдын он айында Кыргызстанга сырттан ташылып келген товарлар 35% чейин азайды. Мындан тышкары автоунаа дээрлик кирбей калды.

Турмуш-тиричиликке эң керектүү товарлардын аз келип жатышын эксперттер Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирип, ортодон бажы чек аралары алынганы менен түшүндүрүүдө. Ал эми экономика адистери жагдайды башка себептерге - элдин сатып алуу жөндөмүнүн азайышына жана улуттук акчанын кунунун кетишине байланыштырат.

Башталат баары базардан...

Импорттун азайышы ириде базардан байкаларын эске алып, Бишкектин батыш четиндеги эң ири автоунаа базарына баш бактык. Демейде, унаа базарда дүйшөмбүдөн жумага чейин соода болбойт. Базар ишемби, жекшембиде кызыйт. Ошентсе да мурда иш күндөрү деле айрым соодагерлер илгери үмүттө базарда отурушчу. Биз барган учурда андайды эч көрө албадык. Базардын администрациясына орун акы төлөп, кайра кайтмакчы болгон соодегер Азамат Абдылдаевди кепке тарттык. Ал “Мазда трибьют” үлгүсүндөгү жолтандабасын бир айдан бери 4 миң долларга сата албай жатыптыр:

- Мурда ишемби-жекшембиде 50 машине сатылса, азыр 20сы сатылса да жакшы. Бул жерде жети сектор бар. Ар бир сектордо кеминде миң машине бар. Негизи унаа бизнеси токтоду. Бул жактагылар өтпөй калгандан кийин сырттан да келбей калды.

Ошентип, машине базар кылкылдап тургандыктан унааларды сырттан ташуу зарылчылыгы абдан төмөндөп кетти. Бажы кызматынын башкы инспектору Гүлнара Садыралиеванын ырасташынча, былтыркы жылы өлкөгө 111 524 даана унаа алынып келинсе, быйыл он айда болгону 2501 автоунаа кирген.

Кыргызстан быйыл 12-августта Евразия экономикалык биримдигине кирген, андан бери биримдиктен кирген унаалар Бажы кызматынын эсебине илинген эмес. Анткен менен Орусиядан деле автоунаа агылып кирген жок дешет базардагылар.

Курулуш товарлары да кыскарган

"Дордой" базарында да мурдагыдай соода жок
"Дордой" базарында да мурдагыдай соода жок

Мындан тышкары Кыргызстанга турак жайга керектелчү товарлардын негизги бөлүгү да импорттолот. Биз курулуш базарындагы электр товарларын саткан Жеңиш Кузибаевдин контейнерине баш бактык:

- Бизге товар Түркиядан, Кытай, Казакстан, Орусиядан келет. Алардын баарын доллар менен алабыз. Мисалы, түрк лампочкалары былтыркыга салыштырмалуу аябай кымбаттады. Бажы биримдигине киргенге карабай, Орусиядан келген товарлардын баасы деле түшкөн жок. Биримдикке киргенде арзандайт дешкен. Андай болбоду. Ага караганда бажы алымын кошкондо да Түркияныкы арзан. Анан биримдиктеги өлкөлөрдүн товары рубль же теңге менен сатылбай эле турат.

Ал эми жыгач базарындагы соодагер Нургазы Мырзаев болсо курулуш каражаттарын Орусиядан рубль менен эле сатып алат. Анын айтымында, бажы алымынын алынышына жана рубль курсунун түшкөнүнө байланыштуу баа кыйла ылдыйлады. Анткен менен мындай шартта деле импорт көбөйгөн жок:

- Азыр соода мурдагыдай эмес. Курулуш көп болчу, азыр андай болбой жыгач сатуу иши токтоп калды. Биз товарды Орусиядан рубль менен алабыз. Ошентсе да транспорт компаниялары, бул жактагы ишибизге керектүү нерселер долларга алынат. Ошентсе да, бир куб тактай бир жыл мурда 14-15 миң болсо, азыр 11 сом болуп калды. Бул жерде негизги ролду рублдин арзандашы ойноду. Ошентсе да алгандар аз.

Бажы кызматынын башкы инспектору Гүлнара Садыралиеванын маалымдашынча, жалпы базарда импорт 35% чейин азайды. Мунун ичинен Кытайдан келген товарлар 15%, Түркиядан келгендер 25% чейин кыскарды:

- Кытайдан эт, күрүч, идиш-аяк, электроника азайды. Кийим-кече импорту 50% түштү.

Улуттук өндүрүштү өнүктүрүү зарыл

Кыргызстанда доллардын курсу сомго карата жыл башынан бери 29 пайызга кымбаттаган.
Кыргызстанда доллардын курсу сомго карата жыл башынан бери 29 пайызга кымбаттаган.

Импорттун азайышы базардагы соодагерлер менен экономисттердин бышыктоосунда, биринчи кезекте доллардын кунунун өсүп кетишине, андан улам доллар менен келген товарларды элдин сатып алалбай калышына байланыштуу. Импорт азайганы өлкөнүн өзүндө өндүрүлчү товарлардын арбышына алып келген жок, тескерисинче, Бажы кызматынын маалымдашынча, экспорт көрсөткүчү да 16% азайды.

Экономист Мейманбек Абдылдаев импорт азая берсе базарда товарлар таңкыстыгы жаралып, натыйжада баа өзүнөн-өзү көтөрүлөрүн белгилөөдө. Мындай шартта атамекендик кичи жана орто өндүрүшкө акча салып, сырттан кымбат келген айрым товарларды Кыргызстандан деле чыгаруу мезгил талабына айланууда.

- Импорт азайса, баа сөзсүз көтөрүлөт,- дейт Абдылдаев. - Анткени суроо-талапка жооп бергидей өлчөмдө товар келбей атпайбы. Мындай шартта өзүбүздүн атамекендик өндүрүштү жолго койсок болот. Насыяларды өндүрүш менен кайра иштетүүгө бериш керек. Жөнөкөй эле нерсе, мисалы, эт-сүт менен өзүбүздү толук камсыздай албайбыз. Андан башка жеңил өнөр жайында проблемалар толтура. Турмуш-тиричилик товарларын өндүрсө болот. Жок эле дегенде самын өндүрүүгө неге болбосун?

Акыркы он айда Кыргызстандын импорту 3 млрд. долларга жакын, экспорту 1 млрд. доллардан ашкан. Мурдатан эле ушундай тенденция өкүм сүрүп, өлкө дайыма импорттон көз каранды болуп келген.

Ушу тапта каржы министрлигинде бюджет долбоору каралууда. Буга чейин негизинен социалдык багытта түзүлүп, өнүгүү, ишкерликти колдоо өңдүү багыттарга көп каражат жумшабаган кыргыз бийлиги каатчылык шартында жергиликтүү ишкерлерге кандай көмөк көрсөтөрү азырынча беймаалым.

XS
SM
MD
LG