Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Эгемендикке 30 жыл

1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алган.

Буга байланыштуу 30-31-август күндөрү дем алыш деп жарыяланган.

31-августта Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өттү. Облустарда сахналашкан оюндар, концерттер, төкмө акындардын айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, манасчылардын, дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн фестивалдары өтүп жатат.

22:54 30.8.2021

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата майрам күндөрү Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдиргендей, ар бир милиция мекемесинде элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча план иштелип чыккан.

30-августтан 1-сентябрга чейин майрамдык иш-чараларда жана көчөлөрдө жалпысынан 9 миңдей милиция кызматкери иштейт.

22:56 30.8.2021

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата 29-августта, Таластагы "Манас ордо" улуттук этно комплексте өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Урааным Манас!» деп аталган театрлаштырылган салтанат болгон. Ага мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты.

23:02 30.8.2021

Майрам алдында абактагылардын кайрылуусу

Кыргызстандагы эгемендик майрамына карата абакта жаткан бир катар саясатчылар кайрылуу жолдошту.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учурдагы президент Садыр Жапаровго кайрылып, эгемендик алган 30 жылдан бери Кыргызстан көп сыноодон өтүп, бийлик үч жолу элдик толкундоолордун жыйынтыгында алмашканын эскерткен.

Бийликте турганда көп ката кетиргенин, бирок мөөнөтүнүн аягына чейин иштеп, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бергенин белгилеген.

"Кумтөрдүн миңдеген тонна алтыны чоочун колдорго тийгенине ким күнөөлүү? Тергөө абагында отургандарбы же президент ардак менен резиденцияда тосуп алган адамбы?", - деп айтылат кайрылууда.

Ал эми камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков өз кайрылуусунда советтик курамдан чыккан Балтика өлкөлөрү, Украина, Грузия авторитардык идеология менен кош айтышып, экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүлөрдү камсыз кыла алышканын белгилеген.

"Ал эми биз жакырчылык, адилетсиздик, жумушсуздук жана терең социалдык кризистен чыга албай, авторитардык бир адамдын башкаруусун 30 жыл бою колдоп келе жатабыз. Жыйынтыгында дүйнөдөгү эң жакыр жана алсыз өлкөлөрдүн катарында калуудабыз", - деди ал.

Жээнбеков андан сырткары, бул көйгөйдөн демократия жана эркиндик менен гана чыкса болорун белгилеген.

Ал эми мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев Кыргызстандын эртеңки күнү үчүн баардыгы жоопкер экенине токтолгон.

"Өлкөбүздөгү тынчтык жана биримдик ар бир үй-бүлөдөн, ар бир жамааттан башталат. Болочок муундарга гүлдөгөн Кыргызстанды өткөрүп берүү – биздин негизги максатыбыз жана ыйык милдетибиз. Мекенимдин, элимдин алдында абийирим таза! Өз чындыгым үчүн акырына чейин күрөшөм", - деп жазган.

23:04 30.8.2021

31-августта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эл аралык казак-кыргыз айтышы өтөт.

XIV эл аралык айтыш Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына, Көкө уулу Өтө (Жеңижок) акындын 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналып уюштурулган.

Байге фонду үч миллион сомду түзгөн бул айтышка Казакстандан сегиз акын катышат. Алар: Бөрүбай Орозумбетов, Айбек Калиев, Нурмат Мансуров, Мухтар Ниязов, Нурлан Эсенкулов, Аспанбек Шугатаев, Эржеңис Эбдиев, Алтынбек Ибрагимов.

Ал эми кыргыз акындарынан Амантай Кутманалиев, Баян Акматов, Асылбек Маратов, Акматбек Султан уулу, Кубат Тукешов, Жылдызбек Төрөканов, Турат Жумаев, Мундузбек Борончуев катышат.

XIV эл аралык айтыштын тандоо туру 20-августта “Манас” кинотеатрында өткөн. Анда республикадан жалпы 44 акын катышып, 8 акын кийинки турга жолдомо алган.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG