Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

Эгемендикке 30 жыл

1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алган.

Буга байланыштуу 30-31-август күндөрү дем алыш деп жарыяланган.

31-августта Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өттү. Облустарда сахналашкан оюндар, концерттер, төкмө акындардын айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, манасчылардын, дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн фестивалдары өтүп жатат.

12:27 31.8.2021
Эгемендикке 30 жыл: эмне таап, эмнени жоготтук?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00

14:13 31.8.2021

1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.

СССРдин ыдырашы, демократиялык кыймылдар

Ала-Тоо аянтындагы нааразылык жыйын. 1990-жылдын 5-июну. Советтик Кыргызстанда демократиялык реформаларды жүргүзүүнү жана Ош жергесинде 4-июнда башталган этностор аралык кагылышууну тез арада токтотууну талап кылган кыргызстандыктар (көбүнесе жаштар) Бишкектин Борбордук Ала-Тоо аянтында ири нааразылык жыйынына чогулду. 1990-жылдын 5-июну. Ж.Жекшенин жеке архивинен.
1/16 Ала-Тоо аянтындагы нааразылык жыйын. 1990-жылдын 5-июну. Советтик Кыргызстанда демократиялык реформаларды жүргүзүүнү жана Ош жергесинде 4-июнда башталган этностор аралык кагылышууну тез арада токтотууну талап кылган кыргызстандыктар (көбүнесе жаштар) Бишкектин Борбордук Ала-Тоо аянтында ири нааразылык жыйынына чогулду. 1990-жылдын 5-июну. Ж.Жекшенин жеке архивинен.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
“Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын" өкүлдөрү Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын борбордук аянтында нааразылык жыйынын куруп, советтик аскерлердин Балтика өлкөлөрүнөн чыгарылышын талап кылышты. 1991-жылдын 21-январы. Ж.Жекшенин жеке архивинен. 
2/16 “Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын" өкүлдөрү Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын борбордук аянтында нааразылык жыйынын куруп, советтик аскерлердин Балтика өлкөлөрүнөн чыгарылышын талап кылышты. 1991-жылдын 21-январы. Ж.Жекшенин жеке архивинен. 
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
Кыргызстанда 1990-жылдын май айында "Кыргызстан демократиялык кыймылы" (КДК) негизделип, көп партиялуулук, демократияны камсыз кылуу ураандарын чакырган. "1990-жылдын октябрынын соңундагы окуялар - Кыргызстанда коммунисттик режимдин башчысынын бийликти шайлоо жолу аркылуу тынч өткөрүп берүүсүнүн өрнөгү, тынч өткөн “түстүү ыңкылаптын” алгачкы баскычы болуп калды",- деп жазат белгилүү тарыхчы, профессор Тынчтыкбек Чоротегин.
3/16 Кыргызстанда 1990-жылдын май айында "Кыргызстан демократиялык кыймылы" (КДК) негизделип, көп партиялуулук, демократияны камсыз кылуу ураандарын чакырган. "1990-жылдын октябрынын соңундагы окуялар - Кыргызстанда коммунисттик режимдин башчысынын бийликти шайлоо жолу аркылуу тынч өткөрүп берүүсүнүн өрнөгү, тынч өткөн “түстүү ыңкылаптын” алгачкы баскычы болуп калды",- деп жазат белгилүү тарыхчы, профессор Тынчтыкбек Чоротегин.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
1986-жылдын декабрындагы "Желтоксан" деген аталыш менен тарыхта калган Алматыдагы окуялар Советтер Союзундагы масштабдуу демонстрациялардын бири болгон.
4/16 1986-жылдын декабрындагы "Желтоксан" деген аталыш менен тарыхта калган Алматыдагы окуялар Советтер Союзундагы масштабдуу демонстрациялардын бири болгон.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
Бул окуя Казакстандын тарыхында эркиндик үчүн жаштардын күрөшү катары калды.
5/16 Бул окуя Казакстандын тарыхында эркиндик үчүн жаштардын күрөшү катары калды.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
Казак жаштары Кремлдин Казакстандын Компартиясынын Биринчи катчысы Динмухамед Кунаевди бошотуп, ордуна Геннадий Колбиндин дайындалышына каршы чыгышкан.
6/16 Казак жаштары Кремлдин Казакстандын Компартиясынын Биринчи катчысы Динмухамед Кунаевди бошотуп, ордуна Геннадий Колбиндин дайындалышына каршы чыгышкан.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
Демонстрацияны таратуу үчүн советтик жетекчилик Орусиядан аскерлерди жөнөтүп, күч менен баскан.
<p lang="kk-KZ">&nbsp;</p>
&nbsp;
7/16 Демонстрацияны таратуу үчүн советтик жетекчилик Орусиядан аскерлерди жөнөтүп, күч менен баскан.

 

 
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
1991-жылдын апрели, Минскидеги Ленин аянтындагы иш таштоо.
8/16 1991-жылдын апрели, Минскидеги Ленин аянтындагы иш таштоо.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
Жүз миңдеген кишилер катышкан Литвадагы митинг. Вильнюс, 1989-жылдын 23-августу.
9/16 Жүз миңдеген кишилер катышкан Литвадагы митинг. Вильнюс, 1989-жылдын 23-августу.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
Краснодардагы крым татарлары өз тарыхый журтуна кайтууга уруксат кылууну талап кылышты, 1988-жылдын 6-марты. Крым татарларынын өкүлдөрү байма-бай нааразылык жыйынын өткөрүп, 1944-жылы жазыксыз жерден атажуртунан куулганын билдирип, кайра кайтарууну талап кылышкан.
10/16 Краснодардагы крым татарлары өз тарыхый журтуна кайтууга уруксат кылууну талап кылышты, 1988-жылдын 6-марты. Крым татарларынын өкүлдөрү байма-бай нааразылык жыйынын өткөрүп, 1944-жылы жазыксыз жерден атажуртунан куулганын билдирип, кайра кайтарууну талап кылышкан.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
Украина Элдик Кыймылынын улуттук көз карандысыздыкты талап кылган жыйыны. Киев шаары, 1989-жылдын 23-октябры. Бул демократиячыл кыймыл 1989-жылы 16-февралда өз &quot;Манифестин&quot; жарыялап, анда улуттук кайра жаралуу жана мамлекеттик көз карандысыздык идеялары камтылган.
11/16 Украина Элдик Кыймылынын улуттук көз карандысыздыкты талап кылган жыйыны. Киев шаары, 1989-жылдын 23-октябры. Бул демократиячыл кыймыл 1989-жылы 16-февралда өз "Манифестин" жарыялап, анда улуттук кайра жаралуу жана мамлекеттик көз карандысыздык идеялары камтылган.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
Грузиянын улуттук армиясынын жоокери эгемендик жарыяланганына кубанып бийлеп жатат. Тбилисидеги аянт, 1991-жылдын 10-апрели.
12/16 Грузиянын улуттук армиясынын жоокери эгемендик жарыяланганына кубанып бийлеп жатат. Тбилисидеги аянт, 1991-жылдын 10-апрели.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы нааразылык жыйын, 1990-жылдын 15-февралы. 1990-жылдын 12-февралында Тажикстанда тополоң болуп, 28 киши набыт кеткен.
13/16 Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы нааразылык жыйын, 1990-жылдын 15-февралы. 1990-жылдын 12-февралында Тажикстанда тополоң болуп, 28 киши набыт кеткен.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
1991-жылы 19-августта КПСС БКнын мүчөлөрүнүн тобу эгемен республикалар шериктештигин түзүүгө жол бербөө максатын көздөп, кутум уюштурган. Москванын Калинин проспектиндеги танкалар.
14/16 1991-жылы 19-августта КПСС БКнын мүчөлөрүнүн тобу эгемен республикалар шериктештигин түзүүгө жол бербөө максатын көздөп, кутум уюштурган. Москванын Калинин проспектиндеги танкалар.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
Кишинёвдогу Молдова элдик фронту уюштурган митинг. 1989-жылдын июнь айы. Митингчилер республиканын саясий жана экономикалык көз карандысыздыгын, улуттук тилдин расмий макамын талап кылышкан.
15/16 Кишинёвдогу Молдова элдик фронту уюштурган митинг. 1989-жылдын июнь айы. Митингчилер республиканын саясий жана экономикалык көз карандысыздыгын, улуттук тилдин расмий макамын талап кылышкан.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
Азербайжан эгемендүүлүгүн жарыялагандан бир айдан кийинки Бакудагы митинг. 1991-жыл, 21-сентябрь.
16/16 Азербайжан эгемендүүлүгүн жарыялагандан бир айдан кийинки Бакудагы митинг. 1991-жыл, 21-сентябрь.
1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
Артка
Алдыга

15:39 31.8.2021

Кыргызстандын ири шаарлары 30 жыл ичинде кандай өзгөрдү? "Азаттыктын" сүрөт баянынан көрүңүз.

Эгемендик 30: тарыхка күбө болгон шаарлар

Артка
Алдыга

15:48 31.8.2021

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата бир катар кишилерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

"Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамы төмөнкү кишилерге ыйгарылды.

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын коюучу-режиссеру Нурлан Абдыкадыров, ырчылар Динара Акулова, Исрадин Аманбаев, Берадор (Бек) Борбиев, Валентина Анникова, Валентина Гилка, Шакен Жоробекова, Айчүрөк Иманалиева, Эсенбек Мааданбеков, Абдырасул Маматкулов ж.б. башкалар бар.

II даражадагы “Манас” ордени менен Замирбек Үсөнбаев, III даражадагы “Манас” ордени менен Түгөлбай Казаков, Мираида Далбаева, Айтурган Темирова, Тулкунджан Ахмадалиев жана Күлайым Каныметова сыйланды.

Гүлсүн Мамашова менен Камчыбек Дюшалиевге “Даңк” ордени ыйгарылды.

Акын Бактыгүл Чотурова, төкмө акындар Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Токтобеков (Жеңишбек Жумакадыр), Азамат Болгонбаев жана Аалы Туткучевге Кыргыз эл акыны наамы ыйгарылды.

Жазуучу Чолпонбек Абыкеев менен драматург, сынчы Жаныш Кулмамбетовго Кыргыз эл жазуучусу наамы тапшырылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG