Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Учак кырсыгы: Орусия аза күтүүдө


Кырсыка кабылган орусиялык Airbus А-321 учагынын сыныктары. Египет,31-октябрь
Кырсыка кабылган орусиялык Airbus А-321 учагынын сыныктары. Египет,31-октябрь

31-октябрда орусиялык Airbus А-321 учагы Синай жарым аралынын үстүнөн учуп баратып кулаган. Ичиндеги 224 адамдын баары, анын ичинде 25 бала мерт кетти.

Ишембиде Египеттин Синай жарым аралында Орусиянын жүргүнчү ташуучу Airbus 321 учагы кыйрады. Ал аэропорттон учуп чыккандан 23 мүнөт өтпөй байланышты жоготконун диспетчерлер кабарлашкан. «Когалымавиа» компаниясына таандык лайнер 217 жүргүнчүсү жана 7 экипаж мүчөсү менен Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербургга учуп бараткан. Жүргүнчүлөрдүн 27си жашы жете элек балдар, 130дайы аялдар экенин авиакомпания маалымдады. Расмий тараптар бир да адам аман калбаганын, 150дөй кишинин сөөгү чогултулуп, Каирге жеткирилгенин кабарлашты.​

Бул кырсыкка байланыштуу Орусия бүгүн аза күтүүдө.

Кырсыкка кабылган учак

Ал арада "Ислам мамлекети" радикал уюмуна байланышы бар египеттик согушкерлер тобу ишембинин таңында кыйраган орусиялык учакты алар атып түшүргөнүн билдиришти. Малыматтарда "Ислам мамлекети" радикал тобунун Египеттеги Wilayat Sinai аттуу канаты интернет аркылуу орусиялык учакты атып түшүргөн​ү​н жарыялаган. Орусиянын транспорт министри Максим Соколов бул маалыматты Египеттин бийликтери ырастай элек деп, ишенбей туруу керектигин эскертти.

Анткени Шарм-эш-Шейх аэропортунун техникалык кызматында иштегендер орусиялык самолеттун учкучтары айрым мүчүлүштүктөр тууралуу айтып арызданганын билдиришкен. Азырынча учак техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кырсыкка кабылган деген божомолдор айтылууда.

Орус бийлиги окуянын себеби тууралуу азырынча өз пикирин расмий жарыялай элек, бирок учакты исламчыл экстремисттер атып кулаткан деген версияны четке кагууда. Өлкөнүн транспорт министрлиги Синайдагы согушкерлердин колунда учуп бараткан лайнерди атып түшүрө ала турган куралы жок экенин билдирди.

Ошого карабастан Европадагы эң ири авиакомпаниялар Lufthansa жана Air France-KLM аталган ири авиакырсыктын себептери иликтенип чыкканча, Синай жарым аралынын үстүнөн учууну убактылуу токтотту. Мындай чечим коопсуздук үчүн кабыл алынды.

Lufthansa компаниясына таандык учактар Синайдын үстүнөн бир күндө кеминде он жолу уччу.

Синай жарым аралында түрдүү террористтик топтор, анын ичинде "Ислам мамлекети" уюмунун согушкерлери да жайгашкан. Алар Египет армиясы менен утур-утур кагылышып келатат.

Ал эми Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Пулково аэропортунда эс алуудан кайтып келаткан жакындарын күткөн адамдарга чукул жардам көргөзүлүүдө. Азырынча учактагылардын көпчүлүгү Орусиянын, үчөө Украинанын жана бир адам Беларустун жараны экени маалымдалды.

Учак кырсыгында каза тапкандарды эскерүү. Пулково аэропорту

Орусиянын президенти Владимир Путин 1-ноябрды Египеттен келатып кыйраган учакта курман болгондор үчүн аза күтүү күнү деп жарыялаган жардыкка кол койгон. Санкт-Петербургдан Египетке уча турган аба каттамдары азырынча токтотулду. Египетке иликтөө иштерине катышуу максатында Росавиациянын, Орусиянын транспорт министрлигинин, саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери учуп барышты.

Курман болгондордун көбү Орусия жарандары - питерликтер экени аныкталды. Ошого байланыштуу Петербургдун губернатору Георгий Полтавченко балким дагы кошумча аза күтүү күнү жарыяланышы мүмкүн экенин айтты.

Маалымат агенттиктеринин жазышынча, бул орус авиациясынын тарыхындагы эң ири кырсык болду.

Жакындарын жоготкондор. Пулково аэропорту

XS
SM
MD
LG