Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:20

АКШнын Мысырдагы саясаты коомчулук таразасында


Мысырдагы нааразылык жыйындарынын катышуучулары президент Хосни Мубарактын кызматтан дароо кетишин талап кылышууда. Каирдин “”Тахрир” (“Эркиндик”) аянтындагы айрым демонстранттар аскер унаасынын алдына жата калып, анын жүрүшүнө бөгөт кылууга далаалаттанды
Мысырдагы нааразылык жыйындарынын катышуучулары президент Хосни Мубарактын кызматтан дароо кетишин талап кылышууда. Каирдин “”Тахрир” (“Эркиндик”) аянтындагы айрым демонстранттар аскер унаасынын алдына жата калып, анын жүрүшүнө бөгөт кылууга далаалаттанды

Ушул аптада президент Хосни Мубарак америкалык журналист Кристиан Аманпур айым менен көзмө-көз жолугуп, өзү деле бийликтен “чарчап турганын”, бирок ушул тапта кызматтан кетсе, анда өлкө “баш-аламандык туңгуюугуна кириптер болот ко” деп чочулап жатканын билдирген. Эл аралык жана жергиликтүү коомчулук расмий Вашингтондун Каирдеги режимге жана Мысырдагы демократиялык жарайанга карата мамилесин кызуу талкуулоодо.

Кошмо Штаттардын бийлиги болсо Египеттеги (Мысырдагы) демократиялык реформаларга да колдоо кылып, ошол эле учурда батышчыл режимди таптакыр ойрон кылып алгандан да чочулап турган кез.

Себеби ушул тапта элдик толкундоолордун чордонуна айланган Египет, чынында да Америка Кошмо Штаттарынын Жакынкы Чыгыштагы эң олуттуу өнөктөшү.

Мысырдагы окуяларга карата АКШнын расмий өкүлүнүн пикири

Элчи Дэниел Куртцер (Daniel Kurtzer) 1997-жылдан 2001-жылга чейин Америка Кошмо Штаттарынын Каирдеги элчиси болуп иштеген. Андан соң ал АКШнын Израилдеги элчиси болуп дайындалган.

Жакынкы Чыгыштагы АКШнын саясатын элчи катары ичинен билген Куртцер мырза “Азаттык” үналгысы үчүн маек курду.

Ал ушул тапта АКШ бийлигине карата “расмий Вашингтон өзүнүн тигил же бул стратегиялык шеригин сактап калуу үчүн андагы демократияга каршы куугунтук аракеттерине көз жумду кылууга аргасыз болуп жатат жана бул эки жүздүү мамиле азыркы Египеттеги окуялардан улам айкындалууда” деп айтылган ачуу сын пикирлер жаатында “Азаттыкка” мындай деп жооп узатты:

- Мен элчи катары адам укуктары жана саясий эркиндиктер тууралуу чакырыкты билдирип жүрдүм. Бирок ошол эле учурда сиз Египеттин өнөктөшү катары алып жаткан конкреттүү пайдадан да баш тартып койо албайсыз да.

Биздин куралдуу күчтөр Египеттен чыгыштагы (Жакынкы Чыгыш аймагына) жөнөткөн нерселердин баары тең Египет жергеси аркылуу же анын үстүнөн учак менен, же болбосо Суэц каналы аркылуу ташып өтүлөт.

Биздин стратегиялык кызматташтык, чалгын кызматташтыгыбыз, ошондой эле Мысырдын аймактагы тынчтык жарайанында ээлеген орду – ушунун баары бул өлкөдөгү режимге каршы ык коюу аркылуу үзгүлтүккө учуроо коркунучуна кириптер болбошу керек.

Демек, бул – тышкы саясаттагы орчун көйгөй жана, менимче, биз болочокто да бул көйгөй менен алек боло берчүдөйбүз.

Элчи Куртцер мырза Мысырдагы элдик толкундоолор болушу ыктымалдыгын расмий Вашингтон мурдатан сезгенин, бирок анын качан өрткө айланаарын билүү кыйын болгонун да кошумчалады.

- Мысырдын калайыгынын арасында байлыкты бөлүштүрүүдөгү чыныгы жана боолголонгон жик тууралуу, араанын ачкан коррупциянын чыныгы жана боолголонгон көлөмү тууралуу, ошондой эле демократиянын жоктугу жаатында чыныгы жана боолголонгон баа жаатында өтө терең нааразылык пайда болгонун узак мезгилден бери билчүбүз.

Бирок бурулуш учур качан келээрин сиз эч качан алдын-ала аныктай албайсыз.

Мен мурдараак айткандай, биз дубалдын эки жагында тең кармалууга умтулдук: бир жагынан кызматташтыгыбыздын стратегиялык жагдайларын көңүлдө туттук, экинчи жагынан расмий Египетти толкундоолорго жеткирбей турган чараларды алдын-ала жүзөгө ашырууга шыктандырып турдук.

Ырас эле, мындагы очокто казан турганын мурда эле билгенбиз. Бирок ал казан качан кайнап чыгаарын гана алдын-ала боолголой алган жокпуз
.

Президент Обаманын сөзү

Ошону менен катар, расмий Вашингтон президент Хосни Мубаракка улам жаңы ишаара кылып, толкундаган элдин демократиялык реформаларга карата чакырыгына астейдил мамиле жасоого үндөөдө.

Жума күнү (4-февралда), АКШ президенти Барак Обама Мысыр президенти мындан ары туура кадамга барат ко деп үмүттөнүп жатканын, өлкөгө саясий өткөөл жарайан зарыл болуп турганын айтты.

- Египеттин болочогу анын эли тарабынан аныкталмакчы. Ошону менен бирге, өткөөл жарайан зарыл болуп турат жана бул жарайан ушул учурда башталууда. Бул өткөөл жарайан египет элинин жалпыга таандык адам укуктарын кадырлоочу жана эркин жана адилет шайлоого каалгасын ача турган иш-аракеттерге башат болууга тийиш.

Х.Клинтондун Мүнхендеги сөзү

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон айым 5-февралда Мүнхен шаарындагы эл аралык коопсуздук маселелерин талкуу кылган жыйынга катышып жатып, арап өлкөлөрүндөгү соңку окуяларга карата мындайча пикирин айтты:

- Бул чөлкөмдөгү лидерлер (элдик нааразылык) толкунун анча-мынча убакытка кармап такаат кылууга жарамдуу болушу мүмкүн. Бирок бул узак мөөнөткө созулбайт. Бул көйгөйлөр акыркы апталардын башкы темасы болуп келди. Дал ушул көйгөйлөр Тунисте, Каирде жана чөлкөмдүн башка шаарларында калайыкты көчөлөргө нааразылык жыйындарына чыгарган күч болду. Буга чейинки акыбалды (status quo) сактап калууга эми таптакыр мүмкүн эмес.

Клинтон айым элдин үнүн угуп, эл каалаган реформаларды жүзөгө ашыруу кадамы стратегиялык орчун мааниге ээ болуп турганын чөлкөмдөгү лидерлерге эскертти.

Мысыр окуяларына эл аралык чөйрөнүн ар кыл мамилелери

Европа Биримдиги да Мысырда саясий реформалар башталышы керектигин жактап чыкты. Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон бул 27 өлкөнүн ынтымагы Мысырда саясий реформалар чараларынын жадыбалы алдын-ала жарыяланышы алгылыктуу болоор эле деп эсептээрин билдирди.

Грек өкмөт башчысы Георгиос Папандреу жекшембиде (6-февралда) Каирге келип, Евробиримдиктин атынан президент Мубарак менен сүйлөшүү жүргүзүү ниетин маалымдады.

Ирандын рухий жолбашчысы, айатолла Али Хаменейи болсо Египеттеги элдик толкундоолорду “исламдык боштондук кыймылы” катары жогору баалап, ыңкылаптык күрөшкө чыккан Мысыр менен Тунистин калктары ислам динине баш кошуп, Батышка каршы чечкиндүү күрөшкө чыгышы керек деп билдирди.

Мысыр мусулмандары: бизге секулярдык, демократиялык система керек

Ошол эле учурда Мысырдын өзүнүн исламчыл уюмдарынын топторунун өкүлдөрү өлкө мусулмандык мамлекет болгону менен, андагы секулярдык (төрөндүк) башкаруу системасы сакталып кала бериши керектигин айтып, демократиялык реформаларды жактап чыгышты.

Маселен, “Мусулман Агайындар” уюмунун жетекчилеринин бири Иссам Арйан Би-Би-Сиге курган маегинде Мысыр мындан ары парламенттик башкаруу системасын калыптандырышы керек, ал – демократиялык секулярдык (төрөндүк) мамлекет болуусу абзел, жана бул өлкөдө атуулдар үчүн басма сөз эркиндиги, калыс жана көз карандысыз сот системасы, партияларды түзүү эркиндиги камсыз болууга тийиш деген ойлору менен бөлүштү.

XS
SM
MD
LG