Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Египет: Футбол тарыхындагы кара күн


Египеттин аскерий жетекчилиги Порт Саид шаарындагы трагедияга байланыштуу 3 күндүк аза күтүү жарыялады.

1-февралдын кечинде футбол матчынан кийин чыккан мушташта бери дегенде 74 киши набыт болду.

Дүйнөлүк футбол федерациясы – ФИФАнын жетекчиси Зепп Блаттер Египеттеги кан төгүүнү футбол тарыхындагы кара күн деп атап, терең кайгыруусун билдирди.

Кечээ кечинде Порт Саид шаарынын "Ал Масри" жана Каирдин эң популярдуу "Ал-Ахли" командаларынын беттешүүсү аяктаары менен стадиондогу күйөрмандар футбол талаасына чуркап чыгып, массалык мушташ тутанган.

Египеттин Ички иштер министрлиги маалымдагандай, кагылышууда 74 кишинин каза тапканы, 248 кишинин жарадар болгону бышыкталды.

Полициянын 1 кызматкери набыт болуп, 14ү жабыркаганы кабарланды.

Шаршемби күнкү адисанын былтыркы саясий козголоңго тиешеси жок деп айтылганы менен, айрым аналитиктер полиция коопсуздукту камсыздоо вазийпасын аткарууга канчалык кудуреттүү жана канчалык каалашат деген камтама жаралаарын белгилешет.

Стадиондогу жүздөгөн тартип коргоочулар аламандаган футбол ышкыбоздору бири бирине таш ыргытып, башкалары тебелендиде калып жаткан кезде кийгилишпей турушкан. Айрымдар полиция менен башкаруудагы аскерий бийликти зордук-зомбулукту токтото алышкан жок деп айыпташууда.

1996-жылы Гватемалада футбол беттешүүсүнөн кийинки тополоң 84 кишинин өмүрүн алып кеткен.

XS
SM
MD
LG